Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.03.2019 16:09 На русском

29 жаштагы Болотбек Узакбаев Жалал-Абаддын вице-мэри болду (өмүр баяны)

Turmush -  Узакбаев Болотбек Узакбаевич Жалал-Абад шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Жалал-Абад шаарынын мэриясынан алынган маалыматка караганда, Болотбек Узакбаев шаардын курулуш коммуналдык маселелерин көзөмөлдөйт.

Бүгүн, 15-мартта жаңы вице-мэр мэриянын эмгек жамаатына тааныштырылды. Буга чейинки вице-мэр Урмат Маматов өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.

Өмүр баяны

Аты-жөнү: Узакбаев Болотбек Узакбаевич

Туулган жылы: 1990-жыл

Туулган жери: Жалал-Абад шаары

Билими:

- 2012-2015-жылдары К.Ш.Токтоматов атындагы Эл аралык университети, юриспруденция адистиги;

- 2015-2018-жылдары ЖАМУда юрист адистиги боюнча билим алган;

- 2018-жылы ОшТУда технология адистиги боюнча окуган;

- 2018-жылы КЭУда юриспруденция адистиги боюнча магистратураны аяктаган;

Эмгек жолу:

- 2014-2015-жылдары — «Береке-КН» ЖЧКда юрист;

- 2015-2018-жылдары —«Авангард-Бизнес» ЖЧКнын башкы директору;

- 2015-2016-жылдары ЖК депутатынын жардамчысы;

- 2017-2017-жылдары —Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы депутаты;

- 2018-2018-жылдары —Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жаштар комитетинин адиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×