Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.03.2019 13:31 Жаңыланды: 15.03.2019 14:35

80 жаштагы Р.Абдыкадырова пенсияга чыкканда араб тилин үйрөнүп, эми кыз-келиндерди акысыз окутуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарынын 80 жаштагы тургуну Рано Абдыкадырова кыз-келиндерге араб тилин акысыз үйрөтүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал араб тилин пенсияга чыккандан кийин үйрөнгөн.

«Мен эмгек жолумду машинист болуп иштөөдөн баштагам. Андан кийин медициналык мекемеде, социалдык фонддо кызмат кылдым. Ошондой эле 10 жыл сот аткаруучу болуп эмгектендим. 1995-жылы эс алууга чыктым.

Өзүм буга чейин деле чет тил үйрөнүүнү ойлоп жүрчүмүн. Пенсияга чыккан соң убактымды араб тилин окууга жумшадым. Өз алдымча тамгаларды таанып, жазганды жана окуганды өздөштүрдүм. Албетте, мага жардам берген адамдар болду. Билим алууга эч качан кеч эмес деп айтат элем», - дейт Рано Абдыкадырова.

Ал учурда араб тилин жаштарга дагы үйрөтүп жатканын айтат.

«Учурда кыз-келиндерге араб тилин акысыз эле үйрөтүп жатам. Алгач окуй турган имаратыбыз жок, көп кыйынчылыктар болду. Анан казыят, диаспоралар жардам берип, кеңсе дагы табылып калды. Ага чогулткан пенсияма эмеректерди жана окуу куралдарын алдым. Башында тил үйрөнүүнү каалагандардын саны аз болчу, азыр көбөйүп жатат. Кеңсе ачылгандан бери 500гө жакын кыз-келинди окуттум», - дейт ал.

Рано Абдыкадырова белгилегендей, анын 4 баласы бар. Баары жогорку билимдүү. Өзү 3 жолу Меккеге ажылык сапарга барып келген. Коомдук иштерге активдүү катышып, дин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик менен кызматташып, жаштарды тарбиялоо багытындагы иштерге өз салымын кошуп келет.

Ал өз сөзүндө: «Азыр көптөгөн башка диний жана экстремисттик агымдар жайылып жатат. Ага өзгөчө жаштар билимдин жетишсиздигинен улам азгырылып жатат. Мен жаштардын, өзгөчө кыз-келиндердин билимдүү болушун каалайт элем. Анткени билимдүү жаштар эч качан адашпайт. Араб тилин билген адам дагы дин тууралуу окуп, өзү жыйынтык чыгарса мындай фактылар катталбайт эле», - деп белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.21% (778)
«РСК Банк»
28.39% (415)
«Капитал Банк»
6.36% (93)
...
Всего голосов: 1462
×