Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 15.03.2019 11:59

Түптө катуу шамалдан турак жайы жабыркаган 2 тургун кепилдик каражат алышты (сүрөт)

Turmush -  Түп районунда катуу шамалдан турак жайы жабыркаган 2 тургунга жардам берилди, деди Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ысык-Көл облусундагы бөлүмүнүн башчысы Рысбек Темиралиев.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын декабрь айында катуу шамалдын кесепетинен облуста 300дөй турак үй жабыркаган. Анын ичинен камсыздандыруудан өткөн 20 тургунга кепилдик сертификаттары тапшырылды.

«Бул ирет Түп районунун 2 тургунуна келтирилген чыгым эсептелип, кепилдик каражаттары тапшырылды. Буга чейин аталган компания тарабынан облустун 24 тургунуна жардам көрсөтүлгөн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×