Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 15.03.2019 11:36 На русском

«Мууздап, короосуна кѳмүп салган»: Эл аралык издѳѳдѳ жүргѳн жигитти кармаган А.Рыстаевдин тажрыйбасы

Turmush -  Аламүдүн РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык ыйгарым укуктуу тескѳѳчүсү Рыстаев Айбек Аскарбекович 1997-жылдан бери ички иштер кызматында эмгектенип келет. Ал жакында эл аралык издѳѳдѳ жүргөн адамды колго түшүргѳн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жакында эле болгон окуяны айтып берейин. 2019-жылы март айында аймакта болгон уурулук фактысы боюнча иш-чараларды жүргүзүп жүргѳн учурда бир батирдеги шек жараткан баланы байкап калдык. Ал үйдү текшерүүгө алдык. Бул үйдө 20-25 жаштагы жигит жалгыз жашайт экен. Анын ѳздүгүн тактап, сураштырган учурда бул бала Казакстандын Астана шаарында оор кылмыш кылып, эл аралык издѳѳдө жүргѳн экен. Кайран бала ушул үйгѳ баш калкалайм, мени эч ким билбей калат десе керек.

Ушуга окшош дагы бир окуя бар. 2016-жылы жаз айларында болсо керек. Бир көчөдөгү турак жайларды текшерип жүргѳнбүз. Бир үйдүн короосунан жаңы казылып, кайра кѳмүлгѳн борпоң топуракты байкап калдык. Жергиликтүү тургундардан бул тууралуу сураштырып, аталган үйдө жашаган бала качып кеткендигин билдик. Аны ыкчам иликтѳѳ иштеринин негизинде колго түшүрдүк. Көрсө ѳзү менен чогуу отурган баланы мууздап, үйүнүн короосуна кѳмүп салган экен», - деди ал.

Айбек Рыстаев 1997-жылдан баштап Аламүдүн РИИБдин нѳѳмѳт бѳлүмүндөгү кызматкердин жардамчысы болуп иштеп, 2004-жылы Бишкек шаарындагы ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы республикалык окуу борборун бүткѳн.

«Андан соң жогорку окуу жайдын юридикалык факультетин окуп бүтүргѳм. Аламүдүн районунун Таш-Дѳбѳ жана Ленин айылдык милиция бѳлүмчѳлѳрүндѳ иштегем.

Мен кичинекей кезимде атамдын досу, Кажы-Сай айылдык милиция бѳлүмчѳсүнүн башчысы В.Кравченко биздин үйгѳ кѳп келчү. Ошол киши келген сайын мен анын кийген формасына аябай кызыкчумун. Ойносом да, ойлонсом да, кыялымдан милиция кызматкери болуу кетпей калды. Ошол кызыгуу бул кесипти тандоомо түрткү берди ойлойм.

Биздин милдет — биринчиден бул коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун бетин ачуу жана анын алдын алуу. Биз жумуш күндѳрү Аламүдүн РИИБдин жетекчилиги тарабынан коюлган тапшырмалардын негизинде иш алып барабыз. Аламүдүн айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлери, кѳчѳ башчылары менен тыгыз байланышта болуп, иштешебиз. Жашоочулар менен жакындан таанышып, сүйлѳшүп, кѳйгѳйлѳрүн угуп, коопсуздук жагынан жардам кѳрсѳтѳбүз жана ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлѳт. Ат тезегин кургатпай рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп турат жана мурда соттолуп, каттоодо турган адамдарды текшерип, профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзѳбүз. Аламүдүн РИИБдин жаш ѳспүрүмдѳр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте иштер жүргүзүлѳт», - деди ал.

Айбек Рыстаев талыкпай эмгектенүүнүн арты менен «ИИМдин мыкты кызматкери» наамы, бир нече медалдар жана мактоо баракчалар менен сыйланган.

«Бош убактымда спорт менен машыгып, сууда сүзүүнү жакшы кѳрѳм. Балдарыма жакшы тарбия берсем дейм», - деди ал

Милиция кызматкери Ысык-Кѳл облусунун Тоң районунда айдоочу менен мугалимдин үй-бүлѳсүндѳ тѳрѳлгѳн.

«Үйдѳ 5 бир туугандын улуусумун. Айгүл деген эгизим бар. Ѳзүм үй-бүлөлүүмүн, 1 уул, 3 кыздын атасымын», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×