Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусу, Ош 30.05.2019 19:24

«До-ре-ми-фаңды жыйыштырып, оокат кыл»: Дирижёр Э.Усенов дүйнөлүк сынактарга катышып келген (сүрөт)

Turmush -  Ош мамлекеттик университетинин музыкалык факультетинде эмгектенген Эсенали Усенов дирижёрлук кесипти сынак алып жаткан агайынын сунушу менен аркалап калган. Бирок музыкалык окуу жайда жаңыдан билим алып баштаганда музыка чөйрөсүндөгү эң оор кесипти тандап алганын түшүнгөн. Дирижёр менен аймактык кабарчы таанышты.

Эсенали Усенов 68 жашта. Ал «Манас-1000» алтын эстелик медалынын жана «Эл агартуунун мыктысы» наамынын ээси.

«Өзүм Өзгөн районунун Зергер айылында туулгам. 1971-жылы Н.Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын хор дирижёру бөлүмүнө тапшырып, аны 1975-жылы бүтүргөм. Окууга тапшырып жатканда атайын дирижёрлукка тапшырайын деп келген эмесмин. Менден экзамен алган мугалим дирижёр экен. Ал мага дирижёрлор музыканы терең казып окушат, ар бир музыкалык аспапты үйрөнөсүң деген. Ал агайды тааныгандыктан, айтканын кылгам. Бирок жарым жыл колдордун кыймылына түшүнбөй койдум. Манжаларым, колдорум билегиме чейин талып калчу. Башкаларды карасам, комуз чертип, аккардеондо ойноп ырдап, жыргап эле жүрүшөт. Ичимден «эмнеге тандадым, же ырдабайм» деп өзүмдү-өзүм урушуп коём. Бирок кесипти түшүнгөн сайын кызыгуум күчөй берди. Мен билген гармонияны башкалар түшүнө албай кыйналышты. Мамлекеттик экзамендер жакындаганда сахнага алгачкы жолу чыгып, аябай толкундангам. Элдин сүрү артыңда турса дагы билинет. Бирок концерттен кийин "сенден чыныгы дирижёр чыгат" деп макташкан. Окууну он бала аяктадык, бирок хордогу дирижёр катары бир гана мен иштеп жатам. Дирижёр бардык аспаптарда ойногондуктан, ошол аспаптар боюнча сабак бере алат», - деди музыкант.

Эсенали мырза окууну бүткөндө маданият башкармалыгы аны Кара-Кулжадагы музыкалык мектепке иштегенге жөнөткөн. Ал убакта айылдар, райондор аралык концерттик программалар көп уюштурулуп тургандыктан, мекеме-ишканаларда иштеген таланттуу кызматкерлерди чогултуп «Тоо булагы» ыр-бий ансамблин түптөгөн. Алар менен дүйнөлүк фестивалдарга катышып, Польша, Финляндияга чейин барып алдыңкы орундарды ээлеп келишкен. Билимин өркүндөтүү үчүн Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырган. 1996-жылы аталган окуу жайды бүтүрүп, ОшМУда иштеп калган. Музыкант мырза кээде жубайы кесибиңди ташта дегенде айлыгын берип, үйдөгү жумуштарды бүтүрүп койсо, кайра колдоп каларын айтты.

«2 уул, бир кызым бар. Баары үйлүү-жайлуу болушту. Эң улуу балам Улуттук Гвардиянын оркестринде үйлөмө аспапта ойнойт. Алар башка өлкөнүн президенттери келгенде гимндерди ойношот. Жубайым болсо тиричиликтин түйшүгүнөн чарчаганда же көп гастролдоп кеткенимде "до-ре-ми-фаңды жыйнап, оокат кыл" деп калчу.

Студенттер менен иштешкенде ырды бузуп алышса, сабагыма көңүлү сууп калат деп кыйкырбайм. Ушул тараптан үн бузулду деп же намыска тийген сөз айтып коем. Учурда 14 шакирт даярдап жатам.

Дирижёрлукта манжаларга дагы көңүл буруш керек. Ырдын темпин, обонун, мүнөзүн, күүсүн башкарышың керек. Хордо ырдап жаткан адамдар дагы сенин колуңа көнүп, бир караганда эле билип тургандай болушу кажет. Угуу жөндөмү да мыкты болуп, 50 адам ырдап жатса ким адашканын үнүнөн тааныш керек. Эгер дирижёрдун кан басымы же жүрөк оорусу болсо жумушун токтотуу зарыл. Себеби концерт учурунда ыр же обон бузулуп калса, ачууланганынан кан басымы көтөрүлүп кетиши мүмкүн», - деди дирижёр.

Ал Калый Молдобасанов, Мукаш Абдраев, Насыр Давлесов сыяктуу белгилүү композиторлордон сабак алган. Бирок алар жараткан коммунизм, партия жөнүндө ырлар бүгүнкү күндөгү хорго туура келбегендиктен, жергиликтүү обончулардын ырларын нотага түшүрүп, хор үчүн даярдайт. Учурда 3 ырды хорго алып чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×