Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусу, Кара-Балта 15.03.2019 10:01

Чүйдө кампада, бастырмада жана турак үйдө өрт чыкты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун аймагында 3 өрт кырсыгы чыкты. Учурда өрттүн себептери такталып жатат, деп билдирди бүгүн, 15-мартта ӨКМдин басма сөз кызматы.

Москва районунун Петровка айылында 32 чарчы метр бастырма жана 400 түк чөп толугу менен күйгөн. Ошондой эле Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында кампадан өрт чыкты.

Кара-Балта шаарында турак үйдүн 30 чарчы метр аянты күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×