Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Баткен облусуБаткен району 14.03.2019 22:09

Баткендеги ок атышуу: Ак-Сайдагы аялдар жана жаш балдар шаарга жеткирилүүдө. Сүрөт

Turmush -  Баткен районунун Ак-Сай айылындагы аялдар менен жаш балдар коопсуздук үчүн Баткен шаарына жайгаштырылып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМдин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда кичи автобустар менен 400дөй адам коопсуз жайларга жеткирилип, Баткен шаарындагы №57 лицейдин жатаканасына, №3 орто мектепке жайгаштырылып жатат. Кызыл Жарым Ай коомунун Баткен облусундагы өкүлчүлүгү, Баткен шаардык мэриясы жана ӨКМдин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан тамак-аш берүү уюштурулууда. Учурда аталган аймакта абал туруктуу.

Ак-Сай айыл өкмөтүндө 2400-2600дөй адам жашайт.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 13-мартта саат 18:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы чек арада кыргыз-тажик элинин ортосунда чатак чыккан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ак-Сай—Тамдык көз карандысыз жолун куруу үчүн техникалар бара жатканда тажик тараптан адамдар келип, таш менен урушкан. Ошондой эле тажик тарап чек арачылардын дагы кызматтык унаасынын айнегин таш менен сындырып салышкан. Жолго 2 техника барса, тажик тарап бирөөсүн иштетпей койгон. Жергиликтүү бийлик менен чек арачылар ошол техниканы жеткирип, кайра кайтканда тажик тарап таш менен уруп, унаанын айнегин сындырган. Андан кийин эки тараптан эл топтолуп, бири-бирине таш ыргытышкан. Чек арачылар абалды тынчтандыруу үчүн эскертүү катарында асманга ок да аткан болчу.

Курулуп жаткан жол

Андан кийин саат 20:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында да кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда ок атышуулар болгон.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чырынан кийин Көк-Таш айылында да эл топтолгон. Тажик тарап да топтолуп, ок атышуулар болгон. Анын кесепетинен кыргыз тараптагы бир адамга ок тийип, тез жардам кызматы алып кеткен. Ага операция жасалып, абалы оор экендиги белгилүү болгон.

14-мартта Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч экендигин билдирген.

Маалыматка караганда, саат 10:00го карата Таш-Тумшук айылында 1 үй, «Ауди» үлгүсүндөгү 1 унаа, жана кыргызстандык жарандын «КамАЗ» унаасынын чиркегичи күйгөндүгү такталды. Төрт-Көчө аймагында жолду тоскон тажикстандыктар өрт өчүрүүчү унааны кое бербей койгон.

Кечээ, 13-марттагы чатакта тажикстандык жарандар Баткен районунун Орто-Боз айылындагы тургундун сарайын өрттөп салышкан. Чек арадагы абалга байланыштуу чек арачылар күчөтүлгөн тартипте коомдук коопсуздук сактап жатышат. Баткенде азыр Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары К.Исаков жүрөт. Бүгүн эртең менен Баткенге тажик тарап менен сүйлөшүү үчүн чек ара кызматынын полковниги Уларбек Шаршеев учуп кетти.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары, облус жетекчилери, укук коргоо органдары Баткен—Лейлек (Кыргызстан) жана Исфара—Ворух (Тажикстан) унаа жолун ачтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Ал эми Тажикстандын УКМКнын Башкы чек ара башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча өздөрүнүн версиясын жарыялаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×