Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Ош облусу, Ош 14.03.2019 18:47 Жаңыланды: 14.03.2019 19:54 На русском

Сүрөт — Оштогу бойдок журналист кыздар

Turmush -  Колуна микрофон же калемин кармап алып элдин көйгөйүн көтөрүп, чындык кайсы тарапта деп жүгүрүп жүргөн журналист кыздар көп. Алар коомдо адамдардын ортосундагы көпүрө сыяктуу. Анткени журналисттер аркылуу алыстагы адамдар менен таанышып, алардын жашоосуна күбө болобуз. Эми ошол журналисттердин өздөрү менен таанышууга кезек келди.

Бул жолу Ош облусундагы өңүнө сөзү жарашкан бойдок журналист кыздар жөнүндө сөз кылабыз.

Нуржамал Баргыбаева 1993-жылы 7-июнда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда төрөлгөн. 5 бир туугандын экинчиси. Журналистика жаатында 6 жылдан бери эмгектенип келет. Учурда «Ынтымак» телерадиокомпаниясында кабарчы-диктор болуп иштейт. Максаты — курч маселелерди чагылдыруу жана анын чечилишине салым кошуу. Бийге жана көркөм окууга кызыгат.

Азиза Пусурманкулова 1994-жылы 8-августта Сузак районунун Соку-Таш айылында төрөлгөн. 2 бир туугандын улуусу. Журналистика чөйрөсүнө 2011-жылы аралашкан. Буга чейин 7-каналдын Оштогу бөлүмүндө кабарчы, алып баруучу болуп эмгектенген. Учурда Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат бөлүмүндө иштейт.

«Келечекте саясатка аралашсам деген максатым бар. Элдин жүгүн көтөрүп, мамлекеттик жогорку кызматтарда иштөө үчүн тынымсыз аракеттерди жасайм. Кайрымдуулук иштери менен алектенүүнү дагы ойлонуп жатам», - дейт Азиза.

Ал ырдаганды жактырат.

Алтынчач Ажимаматова 1993-жылы 26-декабрда Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн. 3 бир туугандын кенжеси. 4 жылдан бери журналистика жаатында эмгектенет. Учурда ОшТВ телерадиокомпаниясында «Аруу таң» көрсөтүүсүнүн редактору. Максаты — коомдо өз орду бар, элге кызмат кылган чоң ишкер болуу. Кызыктуу тасмаларды көргөнгө жана ырдоого кызыгат.

Гүлшайыр Талантбек кызы 1991-жылы 29-майда Кара-Кулжа районунун Биринчи Май айылында төрөлгөн. 5 бир тууган. Журналистика тармагында 6 жылдан бери иштейт. 7-каналдын «Кабар» маалымат программасынын редактору.

Максаты — өз кесибинде мыкты болуу. Китеп окуганды, түрдүү тамактарды жасаганды жактырат.

Алмира Абидинова 1993-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. 4 бир тууган. Журналистика жаатында 4 жылдан бери эмгектенип жатат. Учурда Т-Медиа групп басылмасынын «Ачык талкуу» берүүсүнүн алып баруучусу жана редактору. Максаты — мультимедиялык журналистиканы өздөштүрүү жана жайылтуу. Ошондой эле журналисттик иликтөөлөр аркылуу карапайым элдин жашоосун жакшыртуу. Кол өнөрчүлүк менен алектенгенди жана сууда сүзгөндү жактырат.

Алина Сыдыкова 1994-жылы 8-февралда Ош шаарында төрөлгөн. 2 бир туугандын экинчиси. Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин 2017-жылы аяктаган. Учурда фотограф болуп эмгектенет. 5 жылдык тажрыйбага ээ. Социалдык темадагы сүрөттөрдү тартканга кызыгат.

Максаты — эл аралык сынактарга катышып, ийгилик жаратуу жана фотостудия ачуу.

Жылдыз Бурканова 1991-жылы 1-майда Чоң-Алай районунун Жекенди айылында туулган. 5 бир туугандын экинчиси. Журналистика жаатында 6 жыл эмгектенген. Учурда Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүндө башкы адис болуп иштейт.

Перизат Бахадырова 1995-жылы 17-августта Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында төрөлгөн. 4 бир туугандын улуусу. ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын «Кутман таң» программасынын редактору жана алып баруучусу. Ошондой эле Менин айылым көрсөтүүсүнүн алып баруучусу.

Максаты — элге кызмат кылуу жана журналистика жаатында ийгиликтерди багындыруу. Дүйнө кезсем, ата-энемдин ак сүтүн актасам деп самайт. Сүрөт тартканга, китеп окуганга жана ырдаганга кызыгат.

Элиза Кочкор кызы 1993-жылы 27-апрелде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда төрөлгөн. 4 бир туугандын кенжеси. Эмгек жолун 6 жыл мурун ЭлFm радиосунан баштаган. Учурда аталган радиодо ди-джей болуп эмгектенет. «Кечки учак» программасынын алып баруучусу. Ош шаарындагы айрым маданий иш-чараларда дагы алып баруучулук кызматты аткарып келет. Максаты — үй-бүлө түптөө жана коомго пайда алып келген инсандардан болуу. Кесибинде социалдык маселелерге байланышкан көрсөтүүлөрдү даярдап, элге жардам берүү. Бийлегенди, сууда сүзгөндү жана китеп окуганды жакшы көрөт.

Жылдыз Капарова 1993-жылы 13-сентябрда Кара-Кулжа районунун Терек айылында төрөлгөн. 5 бир туугандын улуусу. Журналистика тармагында 5 жылдан бери иштейт. Учурда ОшТВ телеканалында кабарчы, алып баруучу болуп эмгектенет. Кечки шоу-программалардын редактору жана «Коктейль шоу» программасынын алып баруучусу.

Максаты — коомдо өз ордун табуу. Адамдар менен маектешип, жаратылыштын кучагында эс алганды жактырат.

Гүлзада Төрөбекова 1994-жылы 19-декабрда Ноокен районуна караштуу Масы айылында туулган. 3 бир туугандын улуусу. Журналистика жаатында 5 жылдык тажрыйбага ээ. Учурда НУР телеканалында кабарчы, алып баруучу болуп иштейт.

Максаты — журналистика тармагына салым кошуу жана жумушу менен бирге үй-бүлөсүндө бирдей ийгиликтерди жаратуу. Документалдык тасмаларды көрүп, китеп окуганга кызыгат.

Адашгүл Акматова 1995-жылы 29-апрелде Алай районунун Гүлчө айылында төрөлгөн. 6 бир туугандын төртүнчүсү. 2016-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. 4 жылдан бери АКИпресс маалымат агенттигинин Turmush басылмасынын Оштогу бөлүмүндө эмгектенип келет.

Максаты — чет өлкөдөн билимин өркүндөтүү жана элге туура маалымат жеткирүү. Жаныбарлардын сүрөтүн тартып, сейилдеп, тасма көргөндү жактырат.

Роза Эркинова 1996-жылы 2-февралда Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Арал айылында төрөлгөн. 3 бир туугандын ортончусу. ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. 4 жылдан бери ЭлFM радиосунда иштеп келет. Учурда аталган радиодо ди-джей кызматын аркалайт.

«Кыялдануу эң эле керемет аалам. Ал жакта эч кандай сыноо жана тоскоолдуктар жок. Ошондуктан келечекке максаттарым көп. Алгач турмушка чыгып, ата-энемди кубандырсам дейм.(күлүп). Калганы четинен орундала берет», - дейт Роза.

Ал сайма сайганга кызыгат. Тасмаларга үн коштоп, бош убактысында китеп окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×