Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Чүй облусуСокулук району 14.03.2019 18:41

Сокулуктагы дачанын балдар аянтчасы алдоо жолу менен менчикке өтүп кеткенби? Жердин ээси эмне дейт?

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айыл аймагындагы Дача-Союз айылында балдардын ойной турган аянты жеке менчикке өтүп кеткендигин айрым тургундар билдирип чыгышты.

Айыл тургундарынын бири Султан Ниязов буларга токтолду.

«Бухгалтер Гуля Сулайманова элдерди алдап, трансформаторду РЭСтин балансына өткөрөм деп документке кол койдуртуп алып, бул жерди өзүнө өткөрүп алган экен. Биз аны билген эмеспиз. 4 жылдан кийин, тактап айтканда 2018-жылы турак үйдүн пайдубалын куюп баштаганда билдик. Бул иш боюнча Сокулук райондук прокуратурага, Финполго, РИИБге кайрылганбыз. Бирок эч кандай жооп жок болуп, ишти жаап салышкан. Биздин үнүбүз өкмөткө жетпей жатат», - деди ал.

Ал эми Гуля Сулайманова бул пикирге кошулбай турганын билдирди.

«2010-жылдан бери ушул айылда иштеп, жашайм. Кесибим бухгалтер. Дачаларда 1 төрага, 4 башкаруу кеңешинин мүчөлөрү жана бухгалтер болот. Сууга, электр жарыгына каражат жыйноо менин милдетиме кирип калат. Акчаны жыйнаганда эле булар менен уруш чыгып кетет. Ошондон улам булар (нааразы тарап) былтыр Финполицияга акча жеп жатат деп арыз жазышты. Ал жактан эч кандай кылмыш жок деген жыйынтык чыгарып беришкен. Булар ага макул болбой, Чүй облустук финполицияга арыз жазышты. Алар ар бир тыйынды текшерип чыгышты. Ал жактан да баары туура деп чыгарды. Андан кийин жер тууралуу жаза башташты. Алгач Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө, Сокулуктун прокуратурасына, Чүй облустук ички иштер бөлүмүнө, КРдин Башкы прокуратурасына жазышты. Ар биринин жыйынтыгы бар. Кылмыш болгон эмес деген жыйынтыктарын чыгарып беришкен.

2014-жылы Садоводдун мүчөлөрүнүн жыйыны болуп, мага ушул жерди берүү боюнча чечим чыгарып, баары кол коюп беришкен. Дачадан №6 протокол чыгарылган. Ошондон бир жыл өтүп эле 2015-жылы булар менин үстүмдөн арыз жаза башташты.

Мен келгенде ушул жерди куурай басып, акыр-чикир төгүлүп турчу. Булардын максаты эмне? Булар акча төлөбөшү керек. А, дачалар кооператив да. Биз жол салсак да, электр жарыгын орнотсок да акча жыйнашыбыз керек.

Ал эми мага эмне үчүн жерди беришти? Азыр жер маселеси оор. Бирөө келип эле жөн жерден жер бере койбойт. 2010-жылдан баштап абышкам экөөбүз эмне гана жумуш жасаган жокпуз. Дачаны оӊдодук. Мындан улам эл макул болуп беришкен. Ал эми булар эмне үчүн акча төлөгүсү келбейт? Анткени ар биринин бештен жер тилкеси бар. Анан эле эптеп мени каралаш керек болуп жатат», - деди ал.

Ал эми Күн-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Адилет Сейдалиевдин айтымында, алар бул дачанын эч нерсесине кийлигише алышпайт.

«Бизде дачалар көп. Алар биздин аймакта болгону эле болбосо, өздөрүнүн уставдары бар. Анын баарына биз кийлигише албайбыз. Ал тургай жыйналыштарына да катыша албайбыз. Дачалар бир гана райондук мамлекеттик каттоого карашат», - деди ал.

Ал эми Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматынан төмөнкүдөй маалымат беришти.

«№61 жер тилкесинин ээси Гуля Сулайманова аны башка кишиге сатыптыр. Ал эми балдардын ойноо аянтчасы боюнча бизде эч кандай маалыматтар жок. Катталган эмес», - деп билдиришти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
35.06% (237)
«Бакай Банк»
33.43% (226)
«Капитал Банк»
10.65% (72)
...
Всего голосов: 676
×