Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Нарын облусуНарын району 14.03.2019 17:55

Жерге-Талда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иши жүрдү (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Жерге-Тал айылындагы А.Табалдиев атындагы орто мектебинде өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 14-мартта аталган айылдагы орто мектептин окуучуларына жана алардын ата-энелерине Нарын облустук прокуратурасы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чара Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, прокуратура кызматкерлери, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлдү.

Жыйында өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан кылмыштар, алардын кесепеттери айтылды. Ошондой эле аталган жыйын суроо-жооптор менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×