Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Чүй облусу, Токмок 14.03.2019 17:38

Машыгуу: Өрттөнгөн медресенин 2-кабатында калган адам куткарылды. Сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарындагы «Токмок медресе» окуу жайында өрткө каршы тактикалык машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Токмок шаардык өрткө каршы куткаруу бөлүмү билдирди.

«Өрт чыккан имараттын экинчи кабатында бир адам калып калган. Аны куткаруучулар аман-эсен куткарып, берилген тапшырманы так аткарышты. Токмок шаардык №21 ӨККБдан бир авариялык куткаруу унаасы жана 1-бөлүмү менен №24 ӨККБнын 2-бөлүмүнөн жалпы 30 кызматкер, ал эми 102-103 кызматынан 8 адам чыккан», - деп айтылат маалыматта.

Машыгууга жалпы 95 адам катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×