Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.03.2019 16:24

Ысык-Көлгө сига-лудога балыгынын 250 миң чабагы коё берилди (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл көлүнө сига-лудога балыгынын 250 миң чабагы коё берилди. Бул тууралуу Балык чарба департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Асанов билдирди.

Анын айтымында, быйыл алар план боюнча сига-лудога балыгынын 3,5 млн чабагын өстүрүшү керек болчу.

«Иштердин жакшы жүрүшү менен биз аталган балыктын 5 млн түрүн өстүрдүк. Эми аны Пристань-Пржевальск аймагында көлгө коё бердик. Калганы көлдүн башка аймагына жиберилет. Мындан тышкары, биз форель балыгынын 700 миң чабагын өстүрүп жатабыз. Алар март айынын аягында көлгө коё берилет», - дешти адистер.

Чабактарды коё берүү иштерине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев дагы катышып, ал аталган иштер көлдө балыктардын санын көбөйтүү максатында жасалып жатканын айтты.

Ал эми адистер эми маринка жана сазан балыгынын 8 миллиондон ашык уругун өстүрүү пландалып жатканын айтышты. Ысык-Көлдө учурда балыктын 13 түрү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×