Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Нарын облусуНарын району 14.03.2019 14:55

Нарындын Орук-Там айылынын тургундары жол маселеси менен акимге барышты (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун алыскы айылдарынын бири болгон Орук-Там айылынын тургундары район жетекчилигине жол маселеси менен кайрылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев баш болгон райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүштү. Айыл эли райондун алыскы айылдарынан болгондуктан район борборуна баруу бир топ кыйын экендигин жана жолду оңдоо керектигин айтышты. Өз кезегинде аким акыркы жылдары жаңы асфальтталган жолдор көбөйүп жатканын билдирди. Ошондой эле айылга чейинки бара турган жолду түздөп туруу боюнча тапшырмаларды тиешелүү жактарга берип, өз көзөмөлүнө аларын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×