Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Талас облусу, Талас 14.03.2019 15:08

Таласта 29 жылдан бери электр энергиясы жок айылга электр зымдары тартылды

Turmush -  Бүгүн, 14-мартта Талас облусундагы «Түндүк электр» ишканасында электриктердин жыйыны өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, жыйынга облус жетекчиси Марат Мураталиев, ишкананын Талас облусундагы филиалынын жетекчиси Акыл Рыспеков, Талас облусунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Алмазбек Жумабеков жана облус аймагында иштеген электриктер катышты.

«Кара-Суу айылындагы окуя чоң сигнал болду. Карындашыбыз менен кызыбызды жоготтук. «Контролерлор (электриктер) өз ишин так аткарышпайт» деген нааразычылыктар эл тарабынан айтылып, сын-пикирлер көп болду. Ишиңиздерди аткарып жатасыздар. Ошону менен катар эле кыш болобу, жай болобу өзүңүздөрдүн аймактагы элдин социалдык абалын дагы карап, билип иш жасоону суранабыз», - деди Марат Мураталиев.

Ошондой эле жыйында Талас районунун Айдаралиев айыл аймагында Ак-Кайың аймагында жашаган малчыларга электр энергиясы тартылганын айтылды. Аталган аймактагы малчылар 29 жылдан бери электр энергиясы жок жашап келишкен.

«Түндүк электр» ишканасынын Талас облусу боюнча 62 кызматкери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×