Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Чүй облусуПанфилов району 14.03.2019 13:12

«Анча-мынча саясат бар»: Панфиловдук тургундар акимдин ишине нааразы болушууда. Ал өзү эмне дейт?

Turmush -  Панфилов районунун айрым жашоочулары акимдин ишине канааттанбай, президентке кат менен кайрылышарын аймактык кабарчыга билдиришти.

«Панфилов районунун жашоочулары президент С.Ш.Жээнбековго кат менен кайрылганы жатабыз. Бейшемби күнү президенттин аппарат башчысынын биринчи орун басары Алмаз Кенебаевдин колуна катты тапшырабыз. Аким М.О.Раимкулов 2018-жылы дайындалып келген. Бирок, келгенден бери чеке жылытарлык эч кандай иш алып барган жок. 2018-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жылы деп белгиленгени баарыбызга маалым. Бул жарыя биздин районго тиешеси жоктой болду. Анткени өнүгүүгө бир да кадам жасалган жок. Бир жылда бир инвестиция тартып, бир сом алып келүүгө күчү жеткен жок. Жеке ишкерлерден насыя алып ачкан жеке кафе же чакан ишканаларын өз отчетуна «мен жасадым» деп жазып келет. АРИС тарабынан жасалган иштер - мурунку жетекчилердин эмгеги. АРИСке байланыштуу 25 долбоор өткөн. Баары 2018-жылы бүткөрүлүш керек болчу. Бирок, кымындай нерсе да жасалган жок. Долбоор ишке ашыш үчүн чуркаш керек. Аракет кылсаң, берекет дегендей эле кеп да. К.Боронов акимдер менен иш алып барып, Москва жана Кемин райондорунун акимдерин иштен алып, бир топ акимдерге сөгүш жарыялады. Биздин акимдин колдоосу күч болуп, ортого адам салып, сөгүш алуу менен гана өз кызматын сактап калган.

Кызылча кар алдында калып, түшүмүн жыйнай албай калган дыйкандар канча. Түшүнгөн адамга ал дыйкандын бир эмес эки жылдык бюджети күйдү дегендик да. Андан башка көйгөйдү санап келсек аягы жоктой. Мисалы, айылдагы жолдор, чириген электр мамылары, жолдогу жарыктандыруулар каралбай калган. ФАПтар ыйлай турчу абалда, мектеп, бала-бакча бардык тармакта көйгөй бар», - деди район тургундары.

Ал эми аким Мелис Раимкулов бул пикирлерге кошулбай турганын айтты.

«Мен 2018-жылдын апрель айында кызматка келгем. Ошондо он айдын жүзү болду. Мен келген убакта 2018-жылдын планы бекип калган экен. Өзүӊөр билгендей, ар бир жылдын башында пландар бекилет эмеспи. Кабыл алынган планды мен эмнеге бузмак элем. Анын баары элдин көйгөйүн чечүүчү пландар болгондуктан, мен ошол эле кабыл алынган пландарды андан ары улап кеттим. Ошондо 496 млн сомдук 25 долбоор кабыл алынган экен. Мунун ичинен ишке ашпай калганы бала-бакчалар болуп атат. Анын себеби эмнеде? Себеби, мамкурулушта эски типтүү долбоорлор бар экен. Булар ошол долбоорлорду берип коюшкан. Мындан тышкары АРИСтин кызматкерлери да жок болуп, созуп туруп алышкан. Азыр болсо ошол типтүү долбоорлор менен кошумча иштеп, айыл өкмөттөргө кошумча акча которулуп, учурда 3 айылдагы бала-бакчалардын иши башталганы жатат. Ал эми таза суу маселеси боюнча долбоор 2017-жылы кабыл алынган экен, анын жыйынтыгы марттын аягында бүтөт. Азыр аймактарга 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты салынганы жатат. Кайыӊдыда буюрса башталат. Вознесеновкада жерпайы куюлуп калды. Фрунзе айыл өкмөтүндө да курулуп башталат. Ушул эле айыл өкмөттө 22 млн сомго спорт комплекс курулганы жатат.

Мен деле ушул райондун жигитимин. Районума салымым болсо экен деп келдим. Канча жылдан бери жылыш болбой, тээ илгери талкаланып калган имараттарды мен он айдын ичинде бүтүрө албайм да. Алардын документтери эле канчалаган көп убакытты кармайт. Бул жерде анча-мынча саясат болуп жатат. Мен келерде 5-6 талапкер бар болчу. Районго иштейм деп келген соӊ, иштейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×