Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Ош облусу, Ош 14.03.2019 11:56

Ошто мас абалда унаа башкарып, жүргүнчүсү каза болгон айдоочу 1 айга камакка алынды

Turmush -  Ош шаарында мас абалда унаа башкарган айдоочу 1 айга камакка алынганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин Ош шаарында мас абалда унаа башкарган айдоочу жол кырсыгына кабылып, унаада бара жаткан 28 жаштагы жүргүнчү көз жумган. Окуя ушул жылдын 9-март күнү саат 14:00 чамасында Рыспай Абдыкадыров менен Абдыкадыр Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 1997-жылы туулган Ош облусунун тургуну «Жигули» унаасын мас абалда башкарып бара жаткан. Ал жолдун четиндеги «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унааны сүзүп, андан кийин бадалдардын арасындагы электр мамысын сүзгөн. Анын кесепетинен «Жигули» унаасындагы 1991-жылы туулган С.Б. алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган окуя боюнча айдоочуга Жазык кодексинин 297-беренесинин негизинде (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) кылмыш иши козголгон. Ал Ош шаардык сотунун чечими менен 1 айга камакка алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
33.77% (129)
«Бакай Банк»
29.84% (114)
«Банк Компаньон»
13.09% (50)
...
Всего голосов: 382
×