Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Баткен облусуБаткен району 14.03.2019 11:47 На русском

Баткендеги чыр: Таш-Тумшукта үй, унаа, Орто-Боздо сарай өрттөндү, - Чек ара кызматы

// Turmush

Turmush -  Азыркы учурда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 10:00го карата Таш-Тумшук айылында 1 үй, «Ауди» үлгүсүндөгү 1 унаа, жана кыргызстандык жарандын «КамАЗ» унаасынын чиркегичи күйгөндүгүн такталды. Төрт-Көчө аймагында жолду тоскон тажикстандыктар өрт өчүрүүчү унааны кое бербей койгон.

Кечээ, 13-марттагы чатакта тажикстандык жарандар Баткен районунун Орто-Боз айылындагы тургундун сарайын өрттөп салышты. Ошондой эле кыргызстандык бир адам жаракат алып, Баткендеги ооруканага жеткирилди.

Чек арадагы абалга байланыштуу чек арачылар күчөтүлгөн тартипте коомдук коопсуздук сактап жатышат. Баткенде азыр Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары К.Исаков жүрөт. Бүгүн эртең менен Баткенге тажик тарап менен сүйлөшүү үчүн чек ара кызматынын полковниги Уларбек Шаршеев учуп кетти.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары, облус жетекчилери, укук коргоо органдары Баткен—Лейлек (Кыргызстан) жана Исфара—Ворух (Тажикстан) унаа жолун ачтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×