Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Чүй облусуСокулук району 14.03.2019 11:33

«Мекендештер»: Якутияда билим алган Заида сулуулар сынагына катышып жатат (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 22 жаштагы тургуну Анарбек кызы Заида 3 жылдан бери Якутияда билим алып келет. Ал Якут мамлекеттик айыл чарба академиясында өтүп жаткан сулуулар сынагына катышууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Негизи өзүм көп сынактарга катышып келем. Бул жакта кыргыздар көп болгондуктан кыргыз диаспорасы менен биргеликте концерттерди уюштуруп турабыз. Өзүмдүн окуу жайымда да активдүү, жакшы окуган студенттердин катарын толуктайм.

Сулуулар сынагы биздин академияда биринчи жолу өтүп жатат. Ага жалпы 9 кыз катышууда. Анын ичинен 8 кыз якуттар. Буга чейин "Мисс слёт активистов-2018" сынагына катышкам болчумун», - деди ал.

Заида Якутияга 2016-жылы барган. Ал окуган академияда 24 кыргыз студент бар.

«Азыр Якут мамлекеттик айыл чарба академиясында 3-курстун студентимин. Кесибим – азык-түлүк боюнча технолог.

Якутия боюнча айтсам, эли абдан жакшы. Кыргыздарга абдан окшош. Кээ бир сөздөрү да окшошуп кетет. Мисалы, кел, бир, эки жана башка сөздөрү. Мен окуган жерде билим берүү күчтүү. Акча берип, сынактан өтүү деген түшүнүк жок. Мага бул жакта окуган абдан жакты. Бардык шарттар каралган. Кышында билесиӊер, бул жакта суук катуу болот. Бирок академиянын ичи жана жатаканабыз абдан жылуу. Сырттагы катуу суукту сезбейсиӊ. Биздин академияда 24 кыргыз бар жана тажик, монгол, буряттар да билим алышат», - деди ал.

Анарбек кызы Заида 1997-жылы 23-октябрда Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында төрөлгөн.

«Апам мектепте мугалим болуп эмгектенет. Өзүм 6 бир тууганмын. Келечекке максаттарым көп. Кудайым буюрса, өзүмдүн кесибим менен мекениме кызмат кылам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×