Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Баткен облусуБаткен району 14.03.2019 11:27 На русском

Баткендин Көк-Таш айылында абал тынч. Жол тосулуп турат. Видео

Turmush -  Бүгүн, 14-мартта Баткен районунун Көк-Таш айылында абал жалпысынан тынч. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, эл топтолуп турат. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да жүрөт. Коомдук коопсуздук күчөтүлгөн тартипте сакталып жатат.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, азыр вице-премьер-министр Жеңиш Разаков келет деп жатышат. Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тажик тараптын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кыргыз тарап Тажикстандын Ворух анклавынын жолун, тажик тарап Кыргызстандын Ош—Исфана жолун тосуп турганы айтылууда. Тажикстандыктар Исфара—Ворух жолу ачылса, Ош—Исфана жолу ачыла тургандыгын айтышканы кеп болуп жатат. Жол жабык болгондуктан Лейлек тарап анклавда калды. Жол азырынча ачыла элек.

Кечээ, 13-мартта саат 18:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы чек арада кыргыз-тажик элинин ортосунда чатак чыккан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ак-Сай—Тамдык көз карандысыз жолун куруу үчүн техникалар бара жатканда тажик тараптан адамдар келип, таш менен урушкан. Ошондой эле тажик тарап чек арачылардын дагы кызматтык унаасынын айнегин таш менен сындырып салышкан. Жолго 2 техника барса, тажик тарап бирөөсүн иштетпей койгон. Жергиликтүү бийлик менен чек арачылар ошол техниканы жеткирип, кайра кайтканда тажик тарап таш менен уруп, унаанын айнегин сындырган. Андан кийин эки тараптан эл топтолуп, бири-бирине таш ыргытышкан. Чек арачылар абалды тынчтандыруу үчүн эскертүү катарында асманга ок да аткан болчу.

Курулуп жаткан жол

Андан кийин саат 20:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында да кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда ок атышуулар орун алган.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чырынан кийин Көк-Таш айылында да эл топтолгон. Тажик тарап да топтолуп, ок атышуулар болгон. Анын кесепетинен кыргыз тараптагы бир адамга ок тийип, тез жардам кызматы алып кеткен. Ага операция жасалып, абалы оор экендиги белгилүү болгон.

14-мартта Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч экендигин билдирген.

Маалыматка караганда, саат 10:00го карата Таш-Тумшук айылында 1 үй, «Ауди» үлгүсүндөгү 1 унаа, жана кыргызстандык жарандын «КамАЗ» унаасынын чиркегичи күйгөндүгүн такталды. Төрт-Көчө аймагында жолду тоскон тажикстандыктар өрт өчүрүүчү унааны кое бербей койгон.

Кечээ, 13-марттагы чатакта тажикстандык жарандар Баткен районунун Орто-Боз айылындагы тургундун сарайын өрттөп салышкан. Чек арадагы абалга байланыштуу чек арачылар күчөтүлгөн тартипте коомдук коопсуздук сактап жатышат. Баткенде азыр Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары К.Исаков жүрөт. Бүгүн эртең менен Баткенге тажик тарап менен сүйлөшүү үчүн чек ара кызматынын полковниги Уларбек Шаршеев учуп кетти.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары, облус жетекчилери, укук коргоо органдары Баткен—Лейлек (Кыргызстан) жана Исфара—Ворух (Тажикистан) унаа жолун ачтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×