Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.03.2019 10:52

Каракол шаарынын кире беришиндеги көчө 77 млн сомго оңдолот

Turmush -  Каракол шаарынын кире бериши болгон Кыдыр-Аке көчөсү быйыл 77 млн сомго капиталдык оңдоодон өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, анда 1440 метр жол жасалат. Ага Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан каражат каралды.

«Бул шаарга кирүүчү негизги жол болгондуктан, унаалар көп каттайт. Учурда туурасы 10 метрлик болгон 2 чакырым жолду даярдоо иши башталды», - дейт жол чарба ишканасынын жетекчиси Бакыт Барктабасов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×