Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Ош облусуКара-Суу району 15.03.2019 15:19

Айыл турмушу: Түрдүү музыкалык аспаптарда кол ойноткон З.Нармырзаевсиз лөлү тектүүлөрдүн тойлору өтпөйт (сүрөт, видео)

Turmush -  52 жаштагы Зухриддин Нармырзаев жана анын 3 уулу лөлү тектүүлөрдүн арасындагы атактуу музыканттар. Аларсыз лөлү тектүүлөрдүн тоюн элестетүү мүмкүн эмес. Керней-сурнай, барабанда кол ойноткон үй-бүлө менен аймактык кабарчы таанышты.

Учурда Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Маале айылында лөлү тектүүлөр жашашат. Бул айылда жашаган музыканттардын үй-бүлөсүнүн негизги кирешеси — өздөрүнүн өнөрү. Балдары дагы музыка чөйрөсүнө аралашкан Зухриддин Нармырзаев 30 жылдан бери музыкалык аспаптарда ойнойт. Күз мезгилинде аларды тойго чакыргандар көбөйөт.

«Мен музыкага 30 жыл мурун Өзбекстандан келген музыканттарды көргөндөн кийин кызыгып калдым. Анан эмне үчүн бул аспаптарда биз дагы ойносок болбойт деп, музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнүп, той-аштарда элге кызмат кылып келе жатам. Үй-бүлөмдү ушул ишим менен багып келем. Азыр бул өнөрдү балдарым дагы үйрөнүп жатышат», - дейт музыкант.

Учурда Зухриддин мырза өнөрүн башкаларга дагы үйрөтүп жатат. Ал 5 адамдан турган топ түзүп, тойлорго чакырууларды кабыл алып жаткан чагы.

«Азыр Европада жасалган музыкалык урма аспаптарды колдонуп жатабыз. Биз дагы замандын агымына жараша аракет кылабыз. Тойлорго "урма аспаптарыңыз барбы?" деп сурашат. Эгер ал аспаптар жок болсо, тойлорго көп чакырышпайт. Жаңы чыккан урма аспаптарды алып, аны колдонууну билишибиз кажет», - дейт ал.

Лөлү тектүүлөр барабанды өздөрүнүн нукура музыкалык аспабы деп эсептешет. Бирок алар бир гана аспап менен чектелбестен, башка аспаптарды дагы колдонушат. Жаңы-Маале айылында той-аштарда таң аткандан кеч киргенге чейин кызмат кылган бул музыкалык топ 5000 сомдун тегерегинде акы алышат. Учурда Жаңы-Маале айылында 4 миңден ашык лөлү тектүү тургундар жашайт.

Зухриддин Нармырзаев үй-бүлөлүү. 4 уул, 4 кыз жана 5 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×