Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 14.03.2019 10:12

Хор ийриминде балдар руханий эстетикалык жактан өнүгөт, - мугалим М.Буйлашова (сүрөт)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын тургуну Майрам Буйлашова 10 жылдан бери К.Орозов атындагы музыкалык мектепте иштеп, хор тобун жетектеп келет.

Өзүнүн айтымында, учурда хор ийримине 300гө жакын бала катышат.

«Музыкалык мектептеги хор ийримине катышкан ар бир бала менен сыймыктанам. Себеби хор тобу Ысык-Көл районундагы ар бир маданий иш-чараларга активдүү катышып, элге жагымдуу маанай тартуулап келишет. Алардын арасында келечекте искусство тармагына аралашам деп жүргөн дилгир жеткинчектер бар. Негизи хор ийриминде балдар руханий эстетикалык жактан өнүгөт.

Ал эми ар кандай иш-чараларда хорду уккандан ырахат алгандар көп кездешет. Өзгөчө улуу муундагы адамдар советтик доордо ырдалган ырларды аткарып берүүнү суранышат. Хор тобунун катышуучулары бир гана өздөрүнө эмес, көрүүчүлөргө дагы руханий ырахат тартуулашат», - деди Майрам Буйлашова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×