Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
13.03.2019 22:30 На русском

Баткендин Көк-Таш айылында тажик тарап менен ок атышуулар болуп, кыргыз тараптагы адамга ок жаңылды. Видео

Turmush -  Бүгүн, 13-мартта саат 20:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында да кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда ок атышуулар орун алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, бүгүн Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чырынан кийин Көк-Таш айылында да эл топтолгон. Тажик тарап да топтолуп, ок атышуулар болду. Анын кесепетинен кыргыз тараптагы бир адамга ок тийип, тез жардам кызматы алып кетти. Учурда милиция кызматкерлери, чек арачылар келип, абалды көзөмөлдөөгө аракет кылып жатат. Тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Облустук оорукананын жетекчиси Арзыбек Бөрүбаевдин айтымында, учурда 6 тез жардам унаасы келди. 2 унаа Көк-Ташта турат. Дагы 2 унаа айылдын ары жагында. Ок тийген адам облустук ооруканага жеткирилди.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Төрт-Көчө аймагында кайрадан жаңжал чыгып, Баткен чек ара отрядынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Чек арачылар тычтандырууга аракет жасаганына карабай, тажикстандыктар кыргызстандык кишинин үйүн өрттөп салышты.

Саат 23:00гө карата абал тынчып, ок атуулар токтоду. Азыр эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок топтолгон эл тарай элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×