Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 13.03.2019 19:52 Жаңыланды: 13.03.2019 20:14 На русском

Ошто ооруканадан качкан жигит унаа уурдап, кайра ордуна барып жатып алган (сүрөт)

Turmush -  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бѳлүмүнүн кызматкерлери унаа уурдоого шектелген 20 жаштагы Бектурганды (ысымы өзгөртүлдү) кармашты. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

7-мартка караган түнү Ош шаарынын Кулатов кичи районунун тургуну токтотуп койгон жеринен «Мерседес» үлгүсүндѳгү жеңил унаасын таппай калган. Ал милицияга арыз жазып, 7-мартта ыкчам-издѳѳ иштеринин натыйжасында Сулайман-Тоо милиция бѳлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган автоунаа Ош шаарынын четинен табылган. Ошол эле күнү кечинде Ош шаарындагы ооруканалардын биринен уурулукка шектүү катары Ош шаарынын Алмалык айылынын 1999-жылы туулган тургуну колго түшкөн. Шектүү мурда дагы ушундай эле кылмыш иши менен Жалал-Абад шаарында жазага тартылгандыгы аныкталды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү ооруканалардын биринде дарыланып жатып, 6-март күнү ооруканадан чыгып кеткен. Сырттан ичимдик ичип, түндө мас абалда «Мерседес» унаасынын эшигин ачып, айдап кеткен. Эртеси унааны шаардын чет жагына таштап, кайра ооруканадагы ордуна барып жатып алган. Учурда тергѳѳ иштери уланууда. Ал эми шектүү Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×