Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуКара-Кулжа району 13.03.2019 19:05

Кара-Кулжада аламан улак тартыш уюштурулуп, баш байгеге 3 автоунаа коюлду (сүрөт)

Turmush -  Кара-Кулжа районунда биринчи жолу сары баргы уруусунун бардык өкүлдөрү жолугуп, анын урматына чоң той уюштурушуп, аламан улак тартыш оюнун өткөрүштү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-март күнү Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагында сары баргы уруусунун өлкөнүн ар бурчунан келген өкүлдөрү жолугушкан. Тойго 2 миңден ашуун эл катышкан. Аламан улак тартышка 3 автоунаа, тай жана башка баалуу белектер коюлган.

Жыйынтыгында баш байге болгон «Мазда» унаасына Тапа аттуу балбан ээ болду.

Бул жолугушуудан кийин аталган уруунун өкүлдөрү жыл сайын чогулуп турууну максат кылышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
35.06% (237)
«Бакай Банк»
33.43% (226)
«Капитал Банк»
10.65% (72)
...
Всего голосов: 676
×