Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Талас облусу, Талас 13.03.2019 16:47

Айыл турмушу: Таластык өтүкчү Р.Бердалиевден бут кийимдерин 5 жылдан кийин алып кеткен кардарлар бар (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 48 жаштагы тургуну Рысбек Бердалиев бир нече жылдан бери өтүкчү болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, эң биринчи эмгек жолу Таластагы «Чолпон» фабрикасында бут кийим ултаруучу болуп башталган.

«Фабрика жабылгандан кийин өз алдымча иштедим. Анын ортосунда 2 жыл өзүмдүн малымды тоого алып барып иштедим (күлүп). 2011-2016-жылдар аралыгында Москвага барып, өтүкчү болдум. Мен көбүнчө ошол жерден тажрыйба топтоп келдим. Акыркы 4 жылдан бери өз алдымча атайын базардын жанынан ижарага кичине жер алып, бут кийим оңдогон жай ачтым. Азыр өзүм үйрөткөн окуучум менен бирге иштеп жатам. Жумуш ордумда бут кийим оңдогонго керектүү шаймандардын баары бар. Буларды атайын алдырткам. Бизге көбүнчө аял кишинин бут кийимдери келет. Кардарлар Талас облусу боюнча келишет. Тапкан кирешебиз чыгашаны актайт. Бут кийимдерди материалдарына жараша оңдойбуз. 50 сомдон 200 сомго чейин барат. Мага кардарлардын ишеними маанилүү. Алардын бут кийимин көңүлүндөгүдөй оңдоп, ыраазычылыгын алган жагат.

Ал эми оңдоо убактылары ар кандай. Мисалы, бир күндө 2 бут кийим оңдогонго жетишем. Кээде 5-6 бут кийим оңдойбуз. Абалдары ар кандай болуп келет. Мен өзүм үйрөткөн окуучулар болот. Азыр өзүм окутуп келе жаткан бир окуучум бар. Алардан кылган иши сапаттуу болушун талап кылам. Мен өзүм жумшак жүргөн адам болгонум менен жумушка келгенде так иштегенин талап кылам. Көпчүлүгү менин айткандарымды аткара албай, чыдабай, иштебей коюшат. Мисалы, мен өзүм туура эмес оңдоп алсам кардарымдан айрылып калам. Экинчи ал кардар келбей калат. Ошондуктан сапаттуу кылып жасаганга аракет кылам. Мага үйрөнөм деп келген балдар 7-9 айга чейин зорго чыдашат. Ал эми мага чыдап келе жаткан жанымдагы окуучум экөөбүз иштеп жатканыбызга 4 жыл болду (күлүп). Менде деле катачылык кетип калат. Бардыгыбыз ойдогудай кыла албай калышыбыз мүмкүн. Бут кийимдин жумушу оңой көрүнгөнү менен, кылдаттык менен иш алып барбаса, кардар экинчи жолу келбей калат.

Кээ бир кардарлар бар, жарым жылга чейин бут кийимин алып кетпей коюшат. Алардыкын сактап коюшум керек болот. Бут кийимин 5 жылга чейин алып кетпеген адамдар бар. Мага келип алышып, «жыргаганымдан келбей жүрдү дейсиңби, акчам жок болуп калбадыбы» деп алып кетишкен учурлар болот. Ошолорду туура түшүнүп жүрүп, азыр үйдө элдин бут киймдери жайнайт (күлүп)», - деди ал.

Рысбек Бердалиев 6 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×