Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Жалал-Абад облусуСузак району 13.03.2019 16:17

Сузакта АКШнын элчисинин катышуусунда коомдук алдын алуу борбору ачылды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 13-мартта Сузак районуна караштуу Атабеков айыл аймагында коомдук алдын алуу борбору ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Кылмыштуулукту болтурбоо жана анын алдын алуу багыты көздөлгөн борбордун ачылыш аземине өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, ИИМдин коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысынын орун басары Санжар Ибраимов, АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу, район акими Эрмекбай Омошев катышты.

Анда М.Акматов милиция менен элдин биримдикте иш алып баруусунда ушундай борборлордун орду чоң экендигин айтып, ийгиликтерди каалады. ИИМдин өкүлү да өлкөнүн бир катар аймактарында коомдук алдын алуу борборлору ачылып жаткандыгын, милициянын аксакалдары, аялдар кеңеши менен биргеликте иш алып баруусу кылмыштардын санынын кыскаруусуна зор таасир тийгизерин айтты.

Мындагы жайда аксакалдар сотунун төрагасы, аялдар, жаштар кеңешинин өкүлдөрү жана милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү олтурушат.

Алар мындан ары дагы да биримдикте жана биргеликте кылмыштуулукка жол бербөө менен түрдүү саамалыктарды өткөрүшөт, эл менен биргеликте мындан ары да тыгыз кызматташтыкта иш алып барышат.

Бул коомдук алдын алуу борбору «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду жана жергиликтүү айыл өкмөттүн өнөктөштүгүндө, АКШ өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен курулуп, жабдылды.

Жалал-Абад облусунда 83 коомдук алдын алуу борбору бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×