Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.03.2019 14:38

Сирия, Ирактагы согушка Ысык-Көлдөн 33 адам кеткен, алардын жарымы өспүрүмдөр

Turmush -  Ысык-Көл облусунан 33 адам Сирияга жана Иракка чыгып кеткен. Бул тууралуу 13-мартта өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүндө өткүп жаткан облустук коллегияда айтылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, коллегияда 3 негизги маселе каралууда.

«Коллегияда 2018-жылдагы кылмыштуулук менен күрөшүү багытында жасалган иштердин, экстремизм жана диний радикализмге каршы туруу иштеринин жыйынтыгы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрациялардын аткарган иштери талкууланып жатат», - дешти мүчөлөр.

Алардын маалыматына караганда, Сирия жана Ирактагы эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсү болуп, согуштук аракеттерге катышуу үчүн Ысык-Көлдүн аймагынан 33 адам чыгып кеткен, алардын 15и өспүрүмдөр.

«Алардын арасында айылдаштарын жана туугандарын активдүү үгүттөп жаткандары дагы бар. Биз учурда бул көйгөй менен күрөшүп, ар бир айыл аймакта иш алып барып жатабыз», - дешти коллегиянын мүчөлөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×