Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 13.03.2019 11:39

Кадамжайда предметтик олимпиаданын облустук этабы өтүп жатат

Turmush -  12-13-март күндөрү Кадамжай районунда республикалык предметтик олимпиаданын облустук этабы өтүп жатат. Бул тууралуу Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Гайбулаев билдирди.

Маалым болгондой, ага район жана шаарларда өткөн предметтик олимпиададан жеңүүчү болгон 185 окуучу катышууда. Олимпиада 17 предмет боюнча өтүүдө. Анда 1-2 орунду алган окуучулар республикалык турга жолдомо алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×