Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Чүй облусуСокулук району 13.03.2019 10:51

Самбо боюнча машыктыруучу К.Тургунбаев Сауд Аравиядагы турнирде башкы калыс болуп жатат

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңгарач айылынын 31 жаштагы тургуну Кайрат Тургунбаев Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарына жакын жерде чөлдө өтүп жаткан эл аралык спорттук иш-чарага катышып, самбо боюнча башкы калыс болуп жүрөт. Андан аймактык кабарчы кабар алды.

Кайрат Тургунбаев буга чейин Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында калыстык кылган.

«Бул иш-чара Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарына жакын жерде чөлдө өтүп жатат. Сауд Аравиясына 7-мартта учуп келгенбиз. Бул жакка биз самбо күрөшүнөн башкы калыс болуп келгенбиз. Кыргызстандан 5 калыс, башка Азия өлкөлөрүнөн 5 калыс бар. Кыргызстандын оюнчулары азыр көк бөрү ойноп жатышат. Күрөш бүгүн гана башталды. Ал 18-мартка чейин созулат», - деди ал.

Кайрат мырза намаз убактысында бардык иштер токтоп каларын баса белгиледи.

«Эр-Рияд шаары өтө таза шаар экен. Намаз убактысында бүт иштер токтойт экен. Бул жакта 90 өлкөнүн өкүлдөрү өздөрүнүн каада-салтын, үрп-адатын көрсөтүп, концерттик программалар болуп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×