Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Талас облусу, Талас 13.03.2019 10:03

Талас шаарында наабайкана өрттөндү

Turmush -  Өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы же отко этиятсыз мамиле кылуу акыркы суткадагы өрт кырсыктарына себепкер болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бир суткада өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталган.

Талас шаарынын Турдалиев көчөсүндө жайгашкан 32 чарчы метр аянттагы наабайкана толугу менен күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок. Отко этиятсыз мамиле кылуу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле электр зымдарынын кыска туташуусунан улам Оштогу Алай районунун Коңур-Дөбө айыл аймагындагы Арпа-Тектир айылында 36 чарчы метр аянттагы турак үй толугу менен күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
33.77% (129)
«Бакай Банк»
29.84% (114)
«Банк Компаньон»
13.09% (50)
...
Всего голосов: 382
×