Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Талас облусуКара-Буура району 12.03.2019 16:43

Африкага чейин барып иштеген уста У.Айдаралиевди таң калтырган нерселер. Сүрөт

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылындагы 33 жаштагы уста Уланбек Айдаралиев Африкага чейин барып иштеп келген. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бир нече жылдан бери үйлөрдү заманбап стилде оңдоп эмгектенет.

«Мен ушул айылдагы мектептен билим алып, суусун ичип чоңойгом. Азыр эл үйлөрүн оңдотуп, ичи-тышын кооздотуп баштабадыбы. Үй оңдоо колумдан келе турганына көзүм жетип, 2010-жылдан бери иштеп келе жатам. Башында башка акелер менен Бишкекте 3 жылдай иштеп жүрүп үйрөндүм. Билбегенимди сурап, өзүңдөн дагы жаңы идеялар чыгып, дилгирлене берет экенсиң», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле Африкага кантип барып калгандыгын айтып берди.

«2007-жылы Россияда иштеп калдым. Бир күнү ошол жактан Африкадагы Ангола мамлекетинин Луанда шаарына иштеп келүү боюнча сунуштар түшүп калды. Ал жакта 2 жыл жүрүп, 2009-жылы кайтып келдим. Ал жакта аба ырайы ысык, кар жок, кышты да сагынып... 4 мезгилдин баалуулугун да билдим. Луандада курулуп жаткан имараттардын пайдубалынын диагоналын чыгарып, дубалдарын өлчөө иштерин көзөмөлдөп, чатырын жаап иштедим. Жалпы кыргызстандык 40ка жакын жигит барганбыз. Аба ырайына көнбөй тумоолоп калгандар болду. Аягында 18 бала иштеп келдик. Ал жакта бизге айына 1300 доллардан төлөнчү. Негизинен оор жумуштарына шаардын жергиликтүү тургундары иштечү.

Таң калтырганы — аларда эртең эмне болот деп кабатырлануу жокко эсе болчу. Кышка даярдык деген сыяктуу камынуулар жок. Бардыгынан да адам кайтыш болсо акыркы сапарга музыка менен узатканы таң калтырды», - деди ал.

Уланбек уста азыр айылда үйлөрүн оңдоткондор көп экендигин кошумчалады.

«Ал жактан келип, айылдын элине кызмат кылып жатам. Туулган жерим болгондуктан айылымдын жашоосу өнүгүшүн каалайм. Буйрутмалар абдан көп. Бишкектен бери буйрутма беришет. Азыркы кезде шыгы бар балдар менен иштешип, аларга билгенимдин айтып, көрсөтүп жүрөбүз. 3-4 бала менен туруктуу иштешип, жаман сөз укпастан адал эмгек кылып жүрөбүз. Айына 10 миң сомдон өйдө акча табам. Кирешем буйрутма берилген объектиге жараша болот», - деди ал.

Уланбек мырза 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×