Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусуАт-Башы району 12.03.2019 12:16 На русском

«Жеңеке»: 6 баланын энеси Н.Жаналиеванын жасаган тамагын орозо кармагандар жебей коюшкан (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун тургуну Нурзада Жаналиева жаӊы келин болуп келгенде жасап жаткан тамагына тузду төгүп алып, аны эч ким жебей койгон. Ал келиндик доорундагы кызыктуу окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди.

Нурзада жеңе жолдошу Динмухамед менен бирге түтүн булатып, 6 баланын апасы болгон.

«Үй-бүлөдө ынтымак жана бактылуулук болуш үчүн аял кишинин орду чоӊ болушу керек. Биринчи Аллахтан, анан аялдан. Аял мээримдүү эне, сүйүктүү жар болушу керек деп ойлойм.

Менин жолдошум Динмухамед Бакырдинов 1982-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Булуӊ айылында төрөлгөн. Кудайга шүгүр, биз бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайбыз. Эӊ биринчи алты саныбыз аман. Балдардын улуусу Сами 16 жашка чыгып, азыркы учурда Токмок шаарында билим алууда. Андан кийинкиси Наби мектепте алтынчы класста окуйт. Али аттуу уулум үйдүн үчүнчүсү. Ал 4-класста окуйт. Төртүнчү уулубуз Адилет төрт жашта болсо, кызыбыз Танзила эки жашта, эӊ кенжебиз Диннурга эки ай болду.

Бош убактым болуп калса балдарыма байпак, башмак түйүп берем. Кээде курак курайм. Көбүнчө балдарыма тарбия берүү менен алек болом», - деди ал.

Каарманыбыз жолдошу менен 2001-жылы баш кошкон.

«Андан бери 19 жыл өтүп кетиптир. Мен жаӊы келин болуп келгенде орозо айы болчу. Мурда деле үй оокатын кылып, тамак жасап, турмушка бышканыӊ менен жаӊы келин болуп келгенде аябай эле сүрдөйсүӊ. Бир оокатты туура эмес жасап жаткандай боло бересиӊ. Ошентип бир күнү күрүч бышырайын деп камданып калдым. Баарын ирети менен жасап келе жатып, бир маалда колумдагы туз тамакка түшүп кетти. Ошол күнү мен жасаган тамакты эч ким жебей койгон эле. Ооз ачаар маал болуп калган. Ошондо бир топко уялып жүрдүм. Анда 18 жашта элем», - деди ал.

Нурзада Жаналиева 1982-жылы 2-декабрда Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында төрөлгөн.

«Мен өзүм алты бир тууганмын. Апам бар, атам тилекке каршы бул дүйнөдөн эрте өтүп кеткен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×