Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу, Баткен 12.03.2019 12:00

Баткен облусунда 161 мектепке интернет байланышы жеткирилди

Turmush -  Баткен облусундагы 234 мектептин ичинен 161 мектепке интернет байланышы жеткирилди. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын аппарат жетекчиси Мунарбек Насиров билдирди.

Анын айтымында, 202 айылдын ичинен 74 айылда интернет иштеп жатат.

«Быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Баткен облусундагы 161 мектеп интернет менен камсыз болду. Буга чейин мектептер жайгашкан аймактарда интернет байланышы болгон эмес. Азыр облустагы 202 айылдын ичинен 74 айылда интернет бар. Өткөн жылдын июнь айындагы долбоордун негизинде 144 мектепке интернет жеткирүү пландалган. Ал эми 91 мектепте буга чейин эле интернет болгон. Учурда пландалган 144 мектептин 74нө интернет тартылып, дагы 70 мектепке май айына чейин жеткирүү мерчемделүүдө. Мындан сырткары 61 айылды таза суу менен камсыздоо пландалган», - деди Насиров.

Окуучулар эми көпчүлүк маалыматтарды, же китептерди интернет аркылуу таап, билимдерин кеңейтүүгө шарт жаралат. Ал эми мугалимдер ай сайын отчет үчүн райондун борборуна катташпайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×