Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Талас облусуКара-Буура району 15.03.2019 23:25

Айыл турмушу: Кара-бууралык Д.Салкынбеков 5 жылдан бери өз алдынча чоң унааларды оңдойт (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 23 жаштагы тургуну Дастан Салкынбеков 5 жылдан бери техника оңдоп киреше табууда. Аймактык кабарчы жаш механиктен кабар алды.

Анын айтымында, унаа оңдогонду атасынан үйрөнгөн. Үй-бүлөсү менен техника оңдошот.

«Талаа иштерине керектүү техникаларды оңдойм. Учурда жазгы талаа иштерине карата трактор оңдоп жатам. Техникаларды окууну бүткөндөн кийин өз алдымча оңдоп баштадым. Атам, агаларым да техника оңдошот. Ошолордон көрүп жүрүп үйрөнүп алгам. Атам өзү жүк ташуучу «ГА3» үлгүсүндөгү унаа айдайт. Агам үйдө өз алдынча оңдойт. Атамдан агама өткөн. Андан мен үйрөндүм. 5 жылдын ичинде трактор, «ГА3», советтик жеңил унааларды оңдодум.

Туугандардын, досторумдун унааларын оңдоп берем. Ал эми оңдоо иштери боюнча убактылары ар кандай. Мисалы бирөөсүнүн коробкасын, бирөөсүнүн кыймылдаткычын чачыш керек болуп калат. Ар кандай убакыт талап кылынат. Мотор чачканга 2 күн кетет. Коробкасына 1 күн кетет. Учурда үйдө тракторду чачып, кайра чогултуп оңдоп жатам. Аны баштаганыма 2 айдан ашып калды. Бир досум жүк ташуучу «ГА3» унаа алган. «Бузулса оңдогонуна жардам бересиң» дегенинен баарын өз мойнума алгам. Бузулганда оңдоп берип турам. Дагы бир досум бар. Анын тракторун оңдоп берем. Үйдө техника көп болгондуктан элдикин оңдогонго убакыт жетпейт.

Тетиктердин көпчүлүгүн Жамбылга барып, өзүм алып келем. Каражатты үйдөн ата-энем таап беришет. Оңдоп колдонгонубуз чыгашаны 50% актайт. Мисалы, тракторду 135 миң сомго алгам. Ага 180 миң сомго тетиктерди алып салдым. Ошону менен андан түшкөн акчасын чогултпайсың деле. Өзүбүздүн талаа иштерде дагы колдонобуз. Ал эми комбайн болсо бир эле талаа иштерине керектүү культиватор менен жаздан күзгө чейин 300-400 миң сомдон тапсаң болот», - деди ал.

Уста жигит үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×