Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Нарын облусуАт-Башы району 12.03.2019 10:13

8 жолу боорунан операция болгон М.Теңизбеков кошунасынын уурдалган небересин жер төлөдөн куткарып чыккан

Turmush -  Мирбек Теңизбеков болгону 25 жашта. Ал 2011-жылдан баштап боордун альвеококкоз оорусу менен жабыркайт. Буга чейин боорунан 8 жолу операция болгон. Бирок жакшы боло албай, боору жара болуп кеткен.

«2011-жылдан бери 8 жолу операция болдум. Азыркы учурда Индиядан боорду алмаштыруу керек болуп жатат. 2014-жылы аскерге барып, оорумду күчөтүп алдым. Аскердик милдетимди толук өтөй албай, 1 ай эрте келдим. Азыр боор алмаштырууга акча каражатым жетишпей жатат. Операцияга 30 миң доллар керек экен. Дарыгерлер колдон келсе эртелетиш керектигин айтышты. Ортодон боорго түтүк салдыргам. Бул жактан туура эмес салышыптыр. Түтүктү салганда 6 айдан кийин алмаштыруу керек экен. Бул жакта 2 жыл трубка менен жүрдүм. Ошого өтүшүп кетти болуш керек. Эртерээк кел деп жатышат. Үй-бүлөдө 7 бир тууганмын. Эки байкем кайтыш болуп кетти. Үйлөнө элекмин», - деди ал.

Мал бакпаган Мирбек ооруну кайдан жугузуп алганын билбей калган.

«Бул дарт билинбей эле жуккан окшойт. Өзүм деле түшүнбөй калдым. Мал деле бакчу эмеспиз. Оорунун белгилери: көздүн ичи, дене саргайып, ич чоңоё баштайт. Боордун бир жак бетин жара каптап кетет экен. Башында сарык деп жатышты. Бирок абалым начарлап кеткенде Бишкекте операция болдум. Азыр майлуу, ачуу тамак жебейм. Дарыгерлер боорду жара басып, чоңоюп кетиптир деп жатышат», - деди ал.

Мирбек 2013-жылы кошунасынын уурдалган баласын куткарып калган.

«Биз Нарын шаарындагы Алма-Бак чөлкөмүндө жашайбыз. Абакир деген кошуна бар болчу. Үйдө отурсам эле ызы-чуу болуп калышты. Барсам, небересин таппай калышыптыр. Эшикке чыгып карадым. Биз жакта бир аял эле жүргөн. Ошонун үйүн таап барып, баланы куткарып чыккам. Ал баланы жер төлөнүн ичине байлап коюптур. Уурдаган аял баланын атасынын иштеген жеринде эмгектенчү. Ал 8 жылга соттолуп кетти.

Ошол аял биздин көчөдө жүргөнүн көргөм. Мурда кошунам экөөнүн урушуп жүргөнүн билчүмүн. Баланы уурдап кеткен аял Городок чөлкөмүндө жашачу. Мурда дагы кошунамдын үйүн өрттөп жиберген эле. Бирок билинбей калган. Кийин баласын уурдаганда гана кылмышы билинген. Ал аялдын 2 баласы бар болчу. Бул 2013-жылы болгон окуя», - деди ал.

Мирбекке жардам берүүнү каалагандар 0701 41 61 45 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
35.06% (237)
«Бакай Банк»
33.43% (226)
«Капитал Банк»
10.65% (72)
...
Всего голосов: 676
×