Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусу, Нарын 12.03.2019 09:26

Түн каткан акция: Нарында ишкерлер ачкачылык жарыялашты (сүрөт, видео)  

Turmush -  Нарын шаарынын борбордук Т.Усубалиев атындагы аянтында Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасы тарабынан алынып жаткан соода күркөлөрүнүн ээлери нааразычылык акциясын улантышып, ачкачылык жарыялашты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кечээ, 11-мартта чогулгандар эртең мененки саат 10:00дөн баштап, болжол менен түнкү саат 01:30га чейин аталган аянтта болушту. Ачкачылык жарыялагандар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алардын талабын орундатууга жардам бербей, кайдыгер болгондугун айтышты.

«Биз ачкачылык акциясын таң аткыча улантабыз. Эгер маселе чечилбесе Ак үйгө чейин барабыз», - деп билдиришти алар.

Аянтта милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактап жүрүштү.

Бүгүн, 12-мартта соодагерлер кайрадан аянтка чогулушуп, нааразычылык акциясын улантышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×