Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусуНарын району 12.03.2019 08:01

Нарындын Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы З.Эсенгулов өз арызы менен кызматтан кетти

Turmush -  Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Эсенгулов өз арызы менен ээлеген кызматынан кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын районунун акиминин биринчи орун басары Жаныш Ибраимакун уулу билдирди.

Маалым болгондой, ал айыл өкмөт башчысы болуп 2017-жылдын февраль айынан бери иштеп келе жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×