Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.03.2019 18:58 На русском

Сүрөт — Караколдогу батирден 10 күн мурун каза болгон аялдын денеси табылды

Turmush -  Бүгүн, 11-мартта Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын Чыгыш кичи районундагы турак үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси табылды. Ал маркумду кошуналары 10 күндөн ашык убакыттан бери көрө электигин айтышкан.

Буга байланыштуу жергиликтүү жашоочулар милиция кызматкерлерин жана куткаруучуларды чакырып, алар 1-кабаттагы батирдин ичинен жансыз денени табышкан.

Каза болгон жашоочу — 85 жаштагы Н.Х. батиринде акыркы 10 жылдан бери жалгыз жашап келген. Анын күйөөсү көп жыл мурун көз жумган. Балдары жок.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жансыз дене батирде 10 күндөн ашык убакыт жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×