Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусу, Ош 12.03.2019 08:57

Айыл турмушу: 19 жаштагы Санжардын тойдо тарткан сүрөттөрү 400 долларга чейин бааланат (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну Санжар Субанкулов граффити стилинде (дубалга сүрөт тартуу өнөрү) сүрөт тарткан жаштардын бири. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Санжар алгач дубалдарга дарактардын, шаарлардын, айбанаттардын сүрөттөрүн тартып иштеген. Бирок бул өнөр анча бааланбагандыктан фотограф болуп кеткен.

«Алгачкы жолу 9-класста классташымдын үйүнүн дубалына дарактын сүрөтүн тарткам. Ошондон кийин талантым менен акча тапсам болот экен деп аракет кыла баштадым. Анан кафе, клубдардан буюртмалар түшө баштады. Бирок жаш болгонум үчүн тарта албайсың деп ишенишчү эмес. Интернеттен дубалга тартылган сүрөттөрдү алып, «мен кылган иштер» деп кардарларды алдаган күндөрүм дагы болгон. Ошто бул ишке анчалык деле талап жок болгондуктан кыялымдагы башка кесип — фотограф болууну ойлоп калдым. Жарым жыл чөнтөк телефон менен сүрөткө тартканды, жарым жыл монтаж кылганды үйрөнүп, ижарага фотоаппарат алып сүрөт тарта баштадым. Дубалга сүрөт тарткандан көрө фотоаппарат менен сүрөт тартуу оңой сезилди.

Жаңы сүрөт тарта баштаганымда бир кыздын фотосессиясын 30 сомго гана бүтүрүп бергем. Өзүм сүрөт тартканды досторумдун жанында жүрүп үйрөнгөм. Жаштарды атаандаш катары көрбөйм, кызыгуусу болсо өзүмдүн билгенимди кубануу менен үйрөтөм. Учурда Казакстандан бир жигит келип, менден сабак алып жүрөт. Эмгегимди 15000-16000 сомго чейин баалайм. Тойдо тарткан сүрөттөрдү 300-400 долларга баалайм. Кардарларым ар улуттагы жаштар. Фотоаппараттардын жаңы моделин аңдып, сатып алууга аракет кылам», - дейт жаш фотограф.

Санжар дүйнөлүк 10 мыкты фотографтын катарына кирүүнү самайт. Ошондой эле тойдун жүрүшүн жана кыздарды сүрөткө тартканды жактырат.

«Той учурунда сүрөткө тартып жатканда бактылуу жаштарды көрүп, жакшы маанайда жүрөм. Сүрөт тартуудагы негизги кыйынчылык — убакыттын жетишсиздиги жана тил табыша албай калган кардарлар. Бирок эч качан талаш-тартышка аралашпайм», - деди Санжар Субанкулов.

Анын 1 агасы жана 1 эжеси бар. Ата-энеси рак менен ооруп кайтыш болгон. Агасы акчалай жардам берсе, эжеси ага колдоо көрсөтүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×