Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусу, Ош 11.03.2019 11:41

Ошто мас айдоочу мамыны сүзүп, 28 жаштагы жүргүнчү каза болду

Turmush -  Ош шаарында мас абалда унаа башкарган айдоочу жол кырсыгына кабылып, 28 жаштагы жүргүнчү каза болду. Бул маалыматты Ош шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, 9-март күнү саат 14:00 чамасында Ош шаарынын Рыспай Абдыкадыров менен Абдыкадыр Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде Ош облусунун 1997-жылы туулган тургуну «Жигули» унаасын мас абалда башкарып бара жаткан. Ал жолдун четиндеги «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унааны сүзүп, андан кийин бадалдардын арасындагы электр мамысын сүзгөн. Анын кесепетинен «Жигули» унаасындагы 1991-жылы туулган С.Б. алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда Ош ШИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×