Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуКочкор району 28.04.2019 21:31

Элдик уламыш: Кар көчкүдө калган Гүлгаакы же абышка-кемпирдин арман сөзү

Turmush -  Кочкор районунан борборду көздөй бара жаткан жолдогу Кубакы ашуусунун аталышына аймактык кабарчы кызыгып көрдү.

Кубакы — Кочкор өрөөнүнүн түндүк-чыгыш тарабындагы тоонун аты. Кубакы ашуусу Кыргыз Ала-Тоосунун чыгышында жайгашкан. Орто-Токой, Байдамтал өрөөндөрүнүн чек арасынан орун алган. Кочкор жана Тоң райондорунун аймагында. Бийиктиги 2350 метр. Ашуунун түндүк капталы жантайыңкы, түштүгү тигирээк келет.

Уламыштарга караганда, бул аймакта Көбөкү деген бай адам жашачу экен. Ошол адамдын ысмы аркылуу Көбөкү деп аталып жүрүп, кийин орус тилдүү адамдар айта албай Кубакы деп айтылып, жазылып калган дейт. Дагы бир имиштерде, 19-кылымдын аягында бул жерде бир адам малы менен кыштап калат. Анын Гүлгаакы деген жалгыз кызы болот. Ал чыйрак өсүп, ата-энесинин оорун колдон, жеңилин жерден алган кыз болот. Кыш өтүп жаз кирейин деп калганда тестиер чыйрак кыз тескейден мал айдап келе жатканда кар көчкү көчүп, кызды айдаган малы менен бирге алып кетет. Жалгыз түтүн ата-энеси кар көчкүдөн кызын сактамак турсун, сөөгүн да таппай калат. Жаз жадырап келген кезде да кыздын сөөгү табылбайт. Ата-энеси «Гүлгаакы» деп боздоп кала берет. Ошол жердин аты Гүлгаакы аталып жүрүп, ашууга унаа жолу салынарда келген орус адамы тили келбей Кубакы деп жазып койгон имиш. Ошондон бери Кубакы ашуусу деп аталып калыптыр дешет.

Ал эми көпчүлүк жазда чыккан жашыл чөп кургактыктан тез эле кубарып, бозоруп калгандыктан Кубакы аталган дейт. Чын эле бул аймакта чөп куба тартып, саргарып турат. Кыргыз адамдын өңү бузулганда «кубара түштү», «өңү куба тартып», «өңү кубакы адам экен» дейт. Монголчо хувхай (хубхаи) сөзү «өсүмдүктөрү жок жылаңач тоо», «өсүмдүктөрү жокко эсе кубарган тоо» деп айтылат. Монголдордун бул сөзү кыргыз тилиндеги кубакай, кубарган, купкуу деген сөздөргө абдан жакын. Демек бул тоонун аталышы табигый көрүнүшүнө толук ылайык келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×