Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Баракелде, Бишкек 11.03.2019 10:24

Төө-Ашууда, Ала-Белде жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 11-мартта жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек–Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка–Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 65-90-95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүшү ыктымал.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×