Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Чүй облусуСокулук району 14.03.2019 09:53

«Мекендештер»: Москвада флорист болуп эмгектенген А.Эрмекова 35 000 сомдук гүлдү 7 саат жасалгалаган (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын тургуну Айпери Эрмекова Москва шаарындагы гүл саткан чоӊ дүкөндө флорист (гүл жасалгалоочу) болуп эмгектенип келет. Ал 35 000 сомдук гүлдү 7 саат жасаганын унутпайт. Аймактык кабарчы мекендешибизден кабар алды.

«2011-жылы Россиянын Санкт-Петербург шаарына келип, ал жакта 3 жылдай иштеп жүрдүк. Андан соӊ кайра Бишкекке сапар тартканбыз. Кийин балам чоӊоюп, 2016-жылы кайрадан Россиянын Москва шаарына сапар тарттык. Ошол жылдан бери ушул гүл саткан чоӊ дүкөндө иштеп келем.

Негизги кесибим мугалим. Бул кесип менен 3-курстан баштап иштеп, кийин таштап койдум. Негизи адам өз сүйгөн кесибин таап алса, андан эч убакта кете албай калат экенсиӊ. Гүл менен иштөө — менин хоббим экен. Башка жумушка иштегенимди элестете албайм. Мен иштеген дүкөндүн Москванын ар бир районунда соода түйүндөрү бар. Ал тургай интернет аркылуу да иштейбиз.

Менин милдетим — товар кабыл алып, аны тазалап, кайра сатыкка коем, ар кандай гүлдөрдөн букет жасайм, соода кылам», - деди мекендешибиз.

Ал иштеген дүкөндө бизде жок экзотикалык кымбат гүлдөр дагы бар.

«Биздин дүкөнгө атактуу ырчылар, актрисалар келип гүл сатып алышат. Бизде гүлдөрдүн бир даанасы 50 сомдон 1000 сомго чейин бааланат. Голландиядан, Эквадордон, Кениядан роза гүлдөр келет. Экзотикалык гүлдөр да бар. Бирок бул гүлдөр аябай кымбат. Кыргызстандан андай гүлдөрдү көрбөйсүӊ. Айлыгыбыз жакшы, бир күнгө 2 000 рубль төлөшөт. 12 саат бою тикеден тик туруп иштейбиз. Албетте, ар бир жумуштун кыйынчылыгы бар. Бирок жумуш сага рахат тартууласа кыйналганыӊды, чарчаганыӊды билбей каласыӊ.

Гүл жасалгалоо сырттан караган адамга оңой кѳрүнгѳнү менен жумушу оор. Кээде тамак ичкенге убакыт болбой калат. Ар бир гүлгѳ ѳзүнчѳ кам кѳрѳбүз. Аларды бири-бири менен аралаштырып коюуга болбойт. Кандай кылып кесип, кандай сууга салуу керектигин билбесең соолутуп аласың. Айрым гүлдѳрдү атайын муздаткычтардын жардамы менен сактайбыз. Мен иштеген жерде гүлдүн жүздѳн ашуун түрү бар. Алардын кѳбү Голландиядан алынып келет. Ал бизге жеткенче бир топ убакыт бою жолдо жүрѳт», - деди ал.

Айпери жумушундагы кызыктуу окуяларды айтып берди.

«Флорист болуп иштеп баштаганымда бир кардар апасынын туулган күнүнө чоӊ жана кымбат гүлгө буйрутма берген. Менин жанымда флорист жок, жалгыз иштеп жаткам. Аны 7 саат бою жасадым. Ал гүлдүн баасы 35 000 сом болчу.

Буюрса Москвадан ɵзүмдүн бизнесимди баштасам деп кыялданып турам. Ал күндɵр алыс эмес», - деди ал.

Айпери Эрмекова Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылында төрөлүп, Бишкек шаарында чоӊойгон.

«Аталган шаарда билим алып, кийин жогорку окуу жайлардын биринен мугалимдик кесипке ээ болдум», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×