Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуСокулук району 11.03.2019 09:36

Сокулукта кичи футбол боюнча өткөн турнирдин жеңүүчүлөрү сыйланышты (сүрөт)

Turmush -  Кичи футбол боюнча Сокулук районунун акиминин кубогу үчүн айыл өкмөттөрдүн арасында турнир болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жаштар жана улуу курактагы тургундардан куралган командалар күч сынашты. Жаштардан куралган 24 команданын ичинен 1-орунду «Сокулук» командасы алып, 20 миӊ сом жана кубок, диплом менен сыйланды. 2-орунду «Асылбаш» командасы жеӊип, 15 миӊ сом, медаль, диплом алды. 3-орунду алган «Крупск» командасы 10 миӊ сом, медаль, диплом, ал эми 4-орунду ээлеген «Күн-Туу» командасы 5 миң сом менен сыйланды.

Жаштар арасында Максат Биримкулов «Мыкты оюнчу», Абай Байсултанов «Мыкты коргоочу», Ынтымак Тотонов «Мыкты чабуулчу», Мирлан Кадыркулов «Мыкты дарбазачы» наамдарына ээ болушуп, акчалай сыйлык, дипломдор менен сыйланышты.

Ал эми улуу курактагы тургундардан куралган 9 команданын ичинен 1-орунду «Сокулук» командасы алып, 10 миӊ сом жана кубок, медаль, диплом менен сыйланды. 2-орунду алган «Төш-Булак» командасы 7 миӊ сом, медаль, диплом, 3-орунду ээлеген «Асылбаш» командасы 5 миӊ сом, медаль, диплом, 4-орунду ээлеген РИИБ 3 миң сом, медаль, диплом менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×