Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
09.03.2019 13:34 На русском

Видео: Чет өлкөдө кыргызстандык адамдарды өлтүрүүгө шектелген киши Өзгөндө кылмыш жасап кармалды

Turmush -  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-бөлүмүнүн жана Өзгөн РИИБдин ыкчам кызматкерлери 7-мартта мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамды кармашты.

Министрликтин маалыматына караганда, шектүү — 1982-жылы туулган Д.А. Ал ушул жылдын январь айында Ош облусунда жасалган тоноо кылмышына да шектелип жаткан. 26-январь күнү Өзгөндөгү Жылалды айыл аймагында жайгашкан кафеде белгисиз 4 адам 33 жаштагы адамды коркутуп, 90 миң сомун алып качып кетишкен.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, кармалган Д.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турат. Шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо үчүн комплекстик иш-чаралар жүргүзүлүп, изделип жаткан адамдын болжолдуу дареги такталган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кармалган шектүү

2

ИИМдин тасмасы

Буга чейин 2017-жылдын 30-декабрында Россиянын Москва шаарынын «Люблино» метросунун жанында жайгашкан кафеден Өзгөн районунун 1980-жылы туулган тургуну М.М., менен 1980-жылы туулган Ж.И., уурдалып кеткен. Кийин алардын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган. Бул факт боюнча шектүү катары Д.А.га карата 2018-жылдын 3-январында Россиянын Башкы тергөө органы тарабынан адам өлтүрүү беренеси боюнча издөө жарыяланган.

Кийин өлтүрүлгөн 2 адам Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагынын тургундары экендиги такталган. Маркумдардын өздүгү такталып, биринчиси — 1981-жылы туулган М.М., экинчиси — анын досу И.Ж. экени белгилүү болгон. Каза болгон М.М. уулуна операция жасатууга каражат табуу үчүн Москва шаарына окуядан 1 ай мурун барган. Анын артында 2 уулу калган.

Москвада өлтүрүлгөн адамдар

Ал эми ИИМ өлтүрүлгөндөрдүн бири И.Ж. 2015-жылдан бери уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турганын тастыктаган.

Сүрөттө маркумдардын бири И.Ж. У.Токтосунов («Сакал») менен

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×