Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.03.2019 12:44 На русском

Ысык-Көлдө 9 жылкы уурдап, башка айылга алып барып сатууга шектелген 3 адам кармалды

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы мал уурулук кылмышка шектелип 3 адам кармалды.

Маалым болгондой, кармалгандардын арасында Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын 1966-жылы туулган тургуну А.Нурлан бар. Ал орто билимдүү, убактылуу жумушсуз, мурда соттолгон (өзүнүн айтымында).

Тергөөнүн маалыматына караганда, А.Нурлан 28-февралдан 1-мартка караган түнү шектүүлөрдүн бири А.Талант менен алдын ала макулдашып, Боз-Булуң айылынын тургуну Ж.Алмазбекке таандык 9 жылкыны уурдашкан. Алар жылкыларды кошуна Түп районунун Михайловка айылына айдап барып, жергиликтүү тургуну О.Аскарга беришкен. Алар О.Аскар менен жалпы 250 миң сом төлөп берүү боюнча макулдашышкан. Малдын ээсине жалпысынан 540 миң сом зыян келтирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө материалдык чыгым толугу менен төлөнүп берилгендиги белгилүү болду. Азыр КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Соттук отурумда Ак-Суу районунун прокурору кылмышка шектүү А.Нурланды 2 айга камакка алууну билдирди. Анткени кылмыш өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирет. Прокуратуранын өкүлдөрү А.Нурлан мурда да кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын айтып, ал эркиндикте жүргөн тергөөнүн жүрүшүнө таасир берип коюшу, жашырынып кетиши мүмкүн экендигин белгилешти.

А.Нурландын жактоочусу ал кылмышы үчүн өкүнүп жатканынын билдирип, материадык чыгым төлөнүп берилгендигин айтты. Анын үй-бүлөсүндө жашы жете элек 2 баласы, үй-бүлөсү, туруктуу жашаган дареги бар экендиги белгиленди. Жактоочу А.Нурланды үй камагында калтырууну суранды. Сот Р.Т.Маматкулов иштин материалдарын карап көрүп, А.Нурланды үй камагында калтырды. Кылмышка шектелген 3 адамдын экөөсү үй камагына калтырылса, бирөөсү камакка алынды.

Ысык-Көл ОИИБден аталган фактыны тастыктап, иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти.

- - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - -


А.Нурлан буга чейин 2018-жылдын октябрь айында асынып каза болгон 18 жаштагы К.Эрмектин атасы.

2018-жылдын 19-октябрында Ак-Суу РИИБге Бөрү-Баш айылынын тургуну К.Жыпаркүл кайрылып, 13-октябрда белгисиз адамдар сарайынан 3 жандык малын уурдап кеткендигин билдирген. Аталган уурулук кылмышка шектелип 18 жаштагы К.Эрмек кармалган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө 3 койду уурдагандыгын айткан. Андан кийин аларды атасынын унаасы менен Караколго алып барып, 12 миң сомго сатып жиберген. Аталган акчага өзүнүн сүйлөшкөн кызынын туулган күнүнө мобилдик телефон алган. Аталган факты боюнча мал уурулук беренеси менен кылмыш иш козголгон.

Ал эми Эрмектин атасы А.Нурлан Turmush басылмасына берген комментарийинде Ак-Суу РИИБдин имаратында 3 милиционер баласынын башына баштык кийгизип, суу куюлган желим бөтөлкө менен сабагандыгын билдирген. Ал милиционерлер баласынын кылмыш ишин токтотуу үчүн 70 миң сом талап кылышкандыгын, эгер акча берилбесе баласына баңгизат салып болсо да кармаша тургандыгын айтышкан.

Кийин Эрмектин денесинен кыйноонун белгилери табылганы боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш иш козголгон. Кылмыш иши КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 3-бөлүмүнүн 5-пункту («кыйноо») менен козголгон.

Кийин облустук прокуратура Эрмектин өлүмү боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, 17 милиция жоопко тартылгандыгы маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×