Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
08.03.2019 15:47

Кара-Сууда жол четинде турган адамды койдуруп качып кеткен айдоочу изделип жатат

Turmush -  3-мартта Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы унаа менен жол четиндеги адамды койдуруп, изин жашырып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, кырсык 3-мартта саат 15:00 чамасында Фуркат айылындагы «Ай-Көл» кафесинин алдында болгон. Анда Өзгөн районунун тургуну А. уулу Б. өзүнүн унаасына жүк жүктөп жаткан учурда белгисиз айдоочу «Опел Вектра» үлгүсүндөгү унаасы менен оң бутун уруп кеткен. Бирок айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Бул факт боюнча учурда Кара-Суу РИИБ тарабынан иликтенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
33.77% (129)
«Бакай Банк»
29.84% (114)
«Банк Компаньон»
13.09% (50)
...
Всего голосов: 382
×