Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Ош облусу, Ош 08.03.2019 13:33 На русском

Баткендеги прокурордун өлтүрүлүшү: Маркумдун ата-энеси шектүү М.Калыковду прокурорлор менен беттештирүүнү сунуштады

Turmush -  Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун мыкаачылык менен өлтүргөндөр жазасын алыш керек. Анын өлүмүнө шектүү катары кармалган Мелис Калыковдун жактоочусу убакытты созуп, тергөөнү узатпашы керек. Мындай пикирди бүгүн, 8-март күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында маркум прокурор Анарбай Мамажакыповдун жакындары жана атасы Кубатидин Мамажакыпов билдирди.

Алардын айтымында, шектүү Мелис Калыковдун жактоочусу атайын тергөөнү узартып, тергөө иштерине тоскоолдук жаратпашы керек.

Маркумдун атасы Кубатидин Мамажакыпов президенттен тергөө иштерин тездетүүнү суранып, кылмышка шектүүнүн жактоочусун бут тоспоого чакырды.

«Каргашалуу күндөн бери 4 ай өттү. Бирок тергөөдөн дагы деле жыйынтык чыга элек. Милициядагы ишти ишенбөөчүлүк деп УКМКга өткөрөбүз деп жатышыптыр. Биздин үй-бүлөбүз абдан кайгырып турабыз. Мындай окуя булардын башына салбасын. Мелис Калыковдун жактоочусу тергөөнү созуп жатыптыр. Шектүү көрсөтмө бербей жатыптыр. Бул тергөө иши оюнчук болуп калды. Ошондуктан урматуу президент Сооронбай Жээнбеков «бул ишти өз көзөмөлүмө алдым дедиңиз» эле. Урматты башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов да ишти көзөмөлгө алганын айткан. Мен айрыкча президенттен суранам. Биз ата-энелери, бир туугандары абдан кайгыда жүрөбүз. Уулумдун өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланмайынча биз кандайча тынч болобуз. Кылмышка шектүү менен катар эле бул кылмышка тиешелүүлөр да жооп бериши керек. Кылмышка кимдир бирөөнүн катыштыгы болсо да жазасын алсын. Андыктан уррматтуу президент бул ишти өзүңүз жеке көзөмөлдөбөсөңүз болбой калды. Жанагы шектүүнүн жактоочусу эч нерсе кылдырбай жатыптыр. Ошого да чара көрсөңөр болбойбу?», - деди Мамажакыпов.

Маркум прокурордун жакыны Рахман Алмаматов укук коргоочулар кылмышка шектүүнүн укугун коргоп, ошол эле кезде маркумдун жакындарын ойлобой жатканын айтты.

«Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул ишти көзөмөлдөөрүн өзү айткан. Жанагы жогоруда айткандай, кылмышка тиешелүүлөр жазасын албай жүргөнгө ызаалангандар бар экен. Буларга тергөө иши оюнчук боло береби? Бул ишке жеткиликтүү көңүл бурулбай жатат. Шектүүнүн жактоочусу ишти созуп, тергөөнүн созуунун каалап жүрүптүр. Анын дагы эл алдында жоопкерчилиги болушу керек да. Укук коргоочулар «кокуй шектүү кыйналып кетти, укугу корголбой жатат» деп анын укугун коргогону менен баласын жоготкон ата-энени ойлобой жатат. Эмне шектүүнүн укугу корголуп, ата-эненин баласы өлүп кете бериш керекпи? Анда ким жазаланат?

Урматтуу Сооронбай Шарипович бул ишти көзөмөлгө алып, тезирээк чечип берүүңүздү суранабыз. Бул маселени бүт эл билет. Мунун чечилүүсүн эл талап кылып жатат», - деди Алмаматов.

Ал эми маркумдун апасы Кантайым Пазылова шектүүнүн прокурорлор менен бетешүүнүн каалап жатканын айтты.

«Эгер кылмышка шектүү күнөөсү жок болсо айтсын. Бар чындыкты айтсын да. Ал «прокурорлор менен беттешейин» деп жатыптыр. Беттешсин, өзүнүн чындыгын айтсын. Күнөөлүү эмес болсо, «күнөөлүү эмесмин» десин. Мен урматтуу президенттен суранат элем, ушул ишти тездетип берсин», - деди Пазылова.

Маркумдун дагы бир жакыны Абдылда Темирбердиев маркумдун ата-энесинин абалын да эске алуу керектигин белгиледи.

«4 айдан бери бир да жыйынтык чыкпай жатат. Тергөө иши ушул күнгө чейин созулуп, шектүү акталып кетмей болду. Бул иште законду бузганы менен абийирди кантесиңер? Абийир алдында кантип жооп бересиңер? Прокурорду өлтүргөнү үчүн өз башына мүшкүл иш түшпөсүн. Күнөөлүүлөр өмүр бою жазасын алсын. Анан тиги шектүүнүн жактоочусу бут тоспосун. Биз ушуларды президенттен суранабыз», - деди Темирбердиев.


Окуя тууралуу:

Анарбай Мамажакыпов жансыз денеси 2018-жылдын 18-ноябрына караган түнү Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычы тараптан табылган. Бул кылмышка шектелип Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Мелис Калыков кармалган болчу. Алар ошол күнү башка прокурорлор менен чогуу тоого аңчылыкка барышканы белгилүү болгон.

ИИМдин тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Утемисов прокурордун өлүмүнө М.Калыковдун тиешеси бар экендиги боюнча тана алгыс далил бар экендигин билдирген болчу.

Андан кийин маркум Анарбай Мамажакыповдун жакындары 2018-жылдын 17-декабрында да маалымат жыйынына чогулушуп, киши колду болгон прокурорду жалгыз адам өлтүрө албастыгын, аны бир нече адамдар кылуусу мүмкүн экендигин айтышкан.

Кийин Баткендеги соттук отурума М.Калыков Turmush басылмасына «бардык окуялар үчүн ал гана жооп бериши керек» деген пикирге макул эместигин билдирген болчу.

«5 адам топтолуп, бир адамга зыян келтирсе, ошол күндөгү окуянын бардык катышуучуларын кармап, суракка алып, алардын жоопкерчилигин карап, андан кийин күнөөсүздөрдү чыгарса туура болот деп эсептейм», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
33.77% (129)
«Бакай Банк»
29.84% (114)
«Банк Компаньон»
13.09% (50)
...
Всего голосов: 382
×