Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Баракелде, Бишкек 07.03.2019 11:22 На русском

4,7 млн сом: Башкы прокурор Бишкектеги судьяга кылмыш иш козгоду

Turmush -  Башкы прокурор Бишкектеги Октябрь райондук сотунун судьясы Э.Ч. жана соттун башка кызматкерлерине карата кылмыш иш козгоду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 7-мартта билдирген маалымат боюнча, кылмыш иш 2017-2018-жылдардагы административдик материалдарды жок кылуу фактысы менен байланыштуу. Ошондой эле 2015-жылдан тарта 2018-жылдын сентябрь айына чейин айып пул үчүн мамлекетке төгүлө турган 4 млн 711 миң сом өлчөмүндөгү каражатты ээлеп алуу фактысы ачыкка чыккан.

Топтолгон материалдардын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесиндеги 4-бөлүм жана 204-беренедеги 3-бөлүм менен кылмыш иши козголгон факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Башкы прокурор кылмыш ишти Соттор кеңешиндеги Дисциплинардык комиссиянын чечиминин жыйынтыгы менен козгогон. Сот өндүрүшүн жүргүзүү милдети УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×